МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2023-жылдын 17-майы № 154
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайы, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн эски имаратынын күн чыгыш тарабындагы бош турган жерге айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын салууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Жороева |