КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 15/3
Кара-Бүргөн айыл аймагында чакан таза суу (скважиналар) үчүн муниципалдык менчиктеги жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезексиз 15-сессиясы ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагында чакан таза суу (скважиналар) үчүн 5 (беш) даана муниципалдык менчиктеги жер аянттары бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнө турчу жер аянттарын аныктап, тийиштүү документтерин камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Б.И.Кемелов |