Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 7-августу № 161

Мырза –Аке айылынын тургуну Жусубалиев Табылдынын арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мырза –Аке айылынын тургуну Т.Жусубалиевдин арызынын негизинде Нооруз көчөсүнүн тургуну Т.Жусубалиевдин үйүнө 80 орундуу 4 тайпага ылайык “ Эркинбү апа” МЧББУ мекемесин ачууга уруксат берилсин.

 

 

2. Жеке турак жайы МЧББУ багытына өзгөртүлүп берилсин.

 

3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып,айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлөштүрүү жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева