Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-апрели №3/1
Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кара-Кочкор айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрөга: | М. Нажимидинов |