Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-сентябры №7/2
Кара-Кочкор айыл аймагынын Жийде айылындагы жаңы салынып жаткан бала бакчага Алиева Ырыскандын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдын №467 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацына негиз, Кара-Кочкор айыл аймагынын Жийде айылындагы жаны салынып жаткан бала бакчага Алиева Ырыскандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Жийде айылынын 16.08.2024-жылдагы жалпы элдик чогулушунун №1 протоколунун негизинде төрага М.Нажимидиновдун 16.09.2024-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жийде айылынын тургундарынын 19.08.2024-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколу жактырылып, бекитилсин.
2.Кара-Кочкор айыл аймагынын Жийде айылындагы жаңы салынып жаткан бала бакча, Алиева Ырыскан атындагы бала бакча болуп аталсын.
3.Бала бакчанын оңдоп түзөө иштери Алиева Ырыскандын балдарына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жийде айылынын айыл башчысы А.Дөөлөтовго жүктөлсүн.
Төрөга: | М. Нажимидинов |