Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-сентябры №7/3
Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы Тарыхчиев Бөрүбай аксакалдын үйүнөн баштап, МТФ участкасына чейинки аралыка Орозов Танабай аксакалдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдын № 467 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацына негиз, Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы Тарыхчиев Бөрүбай аксакалдын үйүнөн баштап, МТФ участкасына чейинки аралыка Орозов Танабай аксакалдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Кара-Кочкор айылынын 07.09.2024-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 2 протоколунун негизинде айыл башчы Т.Сопубековдун 16.09.2024-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылынын тургундарынын 07.09.2024-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 2 протоколу жактырылып, бекитилсин.
2.Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы Тарыхчиев Бөрүбайдын үйүнөн баштап, МТФ участкасына чейинки аралыка Орозов Танабай аксакалдын атындагы көчө болуп аталсын.
3. Коюлган көчөнүн жарыктандыруусун жана оңдоп түзөө иштери Орозов Танабай аксакалдын балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылынын айыл башчысы Т.Сопубековго жүктөлсүн.
Төрөга: | М. Нажимидинов |