Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-сентябры №7/4
Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы мурдагы Койлубай көчөсүнө Сагынбаев Таабалды агайдын атын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдын №467 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацына негиз, Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы мурдагы Койлубай көчөсүнө Сагынбаев Таабалды агайдын атын берүү жөнүндөгү Кара-Кочкор айылынын 07.09.2024-жылдагы жалпы элдик чогулушунун №1 протоколунун негизинде айыл башчы Т.Сопубековдун 16.09.2024-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылынын тургундарынын 07.09.2024-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколу жактырылып, бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы мурдагы Койлубай көчөсү Сагынбаев Таабалды атындагы көчө болуп аталсын.
3. Коюлган көчөнүн жарыктандыруусун жана оңдоп түзөө иштери Сагынбаев Таабалды агайдын балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылынын айыл башчысы Т.Сопубековго жүктөлсүн.
Төрөга: | М. Нажимидинов |