Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-сентябры №7/5
Кара-Кочкор айыл аймагындагы айылдардагы таштандыларды ташып кетүү акысын (тарифин) бекитип берүү жөнүндө
Кара-Кочкор айыл аймагындагы айылдарындагы таштандыларды ташып кетүү акысын (тарифин) бекитип берүү жөнүндөгү орун басаар – жооптуу катчы И.Курманбаевдин 16.09.2024-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагындагы айылдарындагы таштандыларды ташып кетүү, түтүнгө айына 100 (бир жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын “Таза - Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Осмон уулу Нуралыга тапшырылсын.
Төрөга: | М. Нажимидинов |