Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жылынын 30-майы №2
«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга түзүлүшү жана 2025-2026-жылдарга болжолу тууралуу» .
Шаардык мэриянын 21.05.2024-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга түзүлүшү жана 2025-2026-жылдарга болжолу тууралуу» №01-21/1469 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 21.05.2024-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга түзүлүшү жана 2025-2026-жылдарга болжолу тууралуу» №01-21/1469 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 168535,4 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 168535,4 мин сом суммасында (23380,0 мин сом суммасында атайын каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
- 2025-жылга киреше боюнча болжолу 182619,4 мин сом суммасында жана 2026-жылга киреше боюнча болжолу 203058,4 мин сом суммасында.
- Таш-Көмүр шаарынын 2025-2026-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир дайындуу мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
4. Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана 2025-2026-жылдарга болжолу № 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүлөр эсебинен түзүлсүн.
5. Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинен чыгашаны каржылоого каражат жана 2025-2026-жылдарга болжолу №2 жана 2-1, 2-2 тиркемелерге ылайык белгиленсин.
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак аш), ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.
1.1. Ушул токтомго ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
8. Таш-Көмүр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (Мэрия) укуктуу:
8.1. Эгерде бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Токтомдун 2-пунктунда бекитилген суммалардын чегинде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8.2. Тиешелүү органдар кабыл алган ченемдик актылардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети менен жергиликтүү бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолор киргизилгенде жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоодо түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8.3. Жергиликтүү кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
9. Шаардын жергиликтүү бюджетин камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо максатында биринчи кезекте салык жана салык эмес төлөмдөрдү белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы мамлекеттик салык кызматынын шаардык башкармалыгына милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, шаардын жергиликтүү бюджетинен 1451,5 (бир миллион төрт жүз элү бир мин беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты шаардык мэриянын резервдик фонду болуп бөлүштүрүлүп бекитилсин.
11. Шаардын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акчасы 2024-жылдын 1-январына карата 100, 0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. «Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыктарды кармоо үчүн 200,0 мин сом өлчөмүндө каражат шаардык муниципалдык менчик департаментинин түрдүү чыгымдар статьясында кол тийгиз каражат катары бекитилсин. Бекитилген каражат өзгөчө кырдаал түзүлгөн мезгилде шаардын мэри тарабынан атайын буйрук чыгарылып чыгымдоого уруксат берилсин.
13. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык шаардык мэриянын башкы эсепчисине 7000 (жети мин) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
14. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык Муниципалдык менчик департаментинде эмгектенген аппарат кызматкерлерине 7000 (жети мин) сом өлчөмүндө, тейлөөчү кенже персоналдарга 6000 (алты мин) сом өлчөмүндө жана айдоочуларга 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
15. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасында эмгектенген аппарат кызматкерлерине 7000 (жети мин) сом өлчөмүндө, тейлөөчү кенже персоналдарга 7000 (жети мин) сом өлчөмүндө, айдоочуларга 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө жана сантехниктерге 8000 (сегиз мин) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
16. 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү мекемелерге каражат бөлүштүрүлсүн:
16.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык, муниципалдык аймактык башкармалыктардын штаттык бирдиктеринин эмгек акылары жана соц.фондго чегерүүсү үчүн муниципалдык менчик департаменти аркылуу – 2623896,29 (эки миллион алты жүз жыйырма үч мин сегиз жүз токсон алты мин жыйырма тогуз) сом;
16.2. Шаардык Муниципалдык менчик департаментине бөлүнгөн каражаттардын кайсыл максаттарга жумшалышы жөнүндө титулдук баракча № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
16.3. Таш-Көмүр шаардык Аялдар Кенешине – 50,0 мин сом акча каражаты, Аксакалдар Кенешине – 50,0 мин сом акча каражаты, шаардык Аксакалдар сотуна – 50,0 мин сом акча каражаты, жалпы - 150,0 мин сом акча каражаты шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин.
16.4. “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнгөн каражаттардын кайсыл максаттарга жумшалышы жөнүндө титулдук баракча № 4, 4-1 тиркемелерине ылайык бекитилсин;
16.5. Шаардык билим берүү бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 302 Токтомунун 4-пунктуна ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын эсептик тейлөө үчүн борборлоштурулган бухгалтерияга 1 (бир) штаттык кызмат киргизилип, эмгек акы жана соц.фондго чегерүүлөрү үчүн – 354,5 мин сом акча каражаты шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин.
16.6. “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасына шаардык мэриядан – 5516,0 мин сом акча каражаты субсидия бөлүнүп берилсин.
16.7. “Суу Чарба” чарбалык эсептеги ишканасына шаардык мэриядан – 2 235,0 мин сом акча каражаты субсидия бөлүнүп берилсин.
17. Бул токтом 2024-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.
18. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн: биринчиси – учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси – 1-ноябрына чейин.
19. Бул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджетти аткаруу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органы шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Таш-Көмүр шаардык башкармалыгына жана шаардык салык башкармалыгына жүктөлсүн.
20. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
21. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңшинин XXX-чакырылышынын 2024-жылдын 30-майындагы кезексиз 27-сессиясынын №2 Токтомунун 1-тиркемеси |
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын 2024- жылга тузүлүшү жана 2025-2026-жылдарга болжолу.
Класс-я | Аталышы | 2024-жылга | 2025-жылга | 2026-жылга |
|
| болжол | болжол | болжол |
|
|
|
|
|
1 | Кирешелер | 168535,4 | 182619,4 | 203058,4 |
|
|
|
|
|
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 122207,0 | 136261,0 | 156700,0 |
11122200 | Патенттин негизинде салык | 9475,0 | 9475,0 | 9475,0 |
11311 | Кыймылсыз мулккө салык | 580,0 | 580,0 | 580,0 |
113121 | Транспорттук каражаттарга салык | 4635,0 | 4635,0 | 4635,0 |
11321100 | Короо жанындагы ж-а дачалык жер участ-н пайдалануу үчүн жер салыгы | 776,0 | 776,0 | 776,0 |
11321200 | Айыл-чарба жерлеринин пайдалануу үчүн жер салыгы |
| 30,0 | 30,0 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 5573,0 | 5573,0 | 5573,0 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 900,0 | 900,0 | 900,0 |
14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 274,0 | 274,0 | 274,0 |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 5,4 | 5,4 | 5,4 |
14224200 | Таштандыларды ташуу үчүн топтом | 730,0 | 730,0 | 730,0 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 23380,0 | 23380,0 | 23380,0 |
|
|
|
|
|
| Бардык кирешелер | 168535,4 | 182619,4 | 203058,4 |
| анын ичинен бюджеттик каражаттар | 145155,4 | 159239,4 | 179678,4 |
| атайын каражаттар | 23380,0 | 23380,0 | 23380,0 |
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |