Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жылынын 30-майы №4
«Шаардык мэриянын 12.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрүн көтөрүп, бекитип берүү тууралуу” №01-14/1070 кайрылуу каты жөнүндө» .
Шаардык мэриянын 12.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрүн көтөрүп, бекитип берүү тууралуу” №01-14/1070 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 12.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрүн көтөрүп, бекитип берүү тууралуу” №01-14/1070 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 12-беренесинин негизинде, Таш-Көмүр шаарында муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батирге болгон төлөмдөрдүн тарифи 1 м2 үчүн х 2 сом 48 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |