Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 29
Миң-Булак айыл аймагында жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.А.Анисимовдун айылдык аймактагы жайыт жерлерин эффективдүү пайдалануу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына, айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-майындагы протоколуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Алыскы жана айылдагы жайыттарды пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй жыйым өлчөмдөрү бекитилсин:
– Ири мүүздү малдын (анын ичинде жаш ири мүүздү мал) 1 (бир) башына – 100 (жүз) сом;
– Майда жандыктардын (кой, эчки) 1 (бир) башына – 20 (жыйырма) сом;
– Жылкынын 1 (бир) башына – 100 (жүз) сом;
2. 1 га чөп чабынды жайыт жерлерин пайдалануу үчүн бардык салыктарды эсепке алып 300 (үч жүз) сом жыйым өлчөмү бекитилсин.
3. 1 га эс алуучу жай, туристтик маршрут, кымыз менен дарылоого жайытты пайдалануу үчүн 2000 (эки миң) сом жыйым өлчөмү бекитилсин.
4. Садовое айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган ”Тропа”жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жайыттарына ижара акысын бекитүү жөнүндө” №153 токтому, Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-августунда кабыл алынган “Александровка айыл аймагынын жайытты пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө” №21 токтому жокко чыгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |