Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
от 23 августу 2024 года № 23
Кара-Балташаарынын мэриясынын 2024-жылдын июнь айынан тартып контракттык негизде кошумча штаттык бирдиктерди
бекитүү жөнүндө
Кара-Балта шаарынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификасына жана калктын санына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024- жылдын 7-февраль айындагы №52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин экономист-статистике карата 2024-жылдын 29-апрель айындагы № №20-3632 сандуу катын жана Кара – Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 01-5/1055катынжетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратынын негизги штаттык бирдиктеринен тышкары төмөнкүдөй 5 (беш) кошумча жумушчу контракт негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин:
-коомдук тартипти чыңдоо маселелери боюнча- 2 бирдик;
-жалпы жана уюштуруу маселелери боюнча -1 бирдик;
-социалдык маселелер, коопсуздук жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча- 1бирдик;
- юрист- 1 бирдик.
2. Республикалык бюджеттин эсебинен каралган экономист-статистик 1 (бир) бирдикти контракт негизинде, ай сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 (он миң) сом кошумча айлык төлөмү бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай - коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |