Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 30
Карантиндик- чектөөчү чараларды жана ветеринардык-санитардык чараларды өз убагында камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө
Айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.А.Анисимовдун карантиндик- чектөөчү чараларды жана ветеринардык-санитардык чараларды өз убагында камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-майындагы протоколуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.А.Анисимовдун карантиндик- чектөөчү чараларды жана ветеринардык-санитардык чараларды өз убагында камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Жайыттар боюнча адис Н.В.Саратовцев карантиндик- чектөөчү чараларды жана ветеринардык-санитардык чараларды өз убагында камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерин күчөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |