Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жылынын 30-майы №7
«Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Таш-Көмүр шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети жайгашкан имаратты бала бакчага кайтаруу жөнүндө” кайрылуу каты жөнүндө» .
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Таш-Көмүр шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети жайгашкан имаратты бала бакчага кайтаруу жөнүндө” кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин депутаты К.Сооронбаевдин билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Таш-Көмүр шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети жайгашкан имаратты бала бакчага кайтаруу жөнүндө” кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин депутаты К.Сооронбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети жайгашкан имаратты толугу менен бала бакчага мыйзам чегинде кайтарып алуу боюнча иш алып баруу жагы шаардык мэрияга жана шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |