Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ОБЛУСУ

ӨЗГӨН РАЙОНУ

Мырза-Аке АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

Мырза-Аке АЙЫЛЫ

 

КҮЧТҮҮ ЭЛЕТ-КУБАТТУУ

МАМЛЕКЕТ

 

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2023-2026 ЖЫЛДАРГА

КАРАТА СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

 

ПРОГРАММАСЫ

 

 

Мырза-Аке айыл аймагынын айылдык

кеңешинин

2023-жылдын VII -чакырылыштын

XXVсессиясынын № 164 токтому менен

бекитилген

 

 

Мырза-Аке айылы 2023 жыл.

 

Мазмуну

КИРИШҮҮ 

1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар 

2. Мырза-Аке айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат 

3. Учурдагы кырдаалды талдоо боюнча анализ:

4. Программанын максаты

5. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары (чакан программалар).

Мырза-Аке айыл аймагынын 2023-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы  

Мырза-Аке айыл аймагынын 2023-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бюджети  

 

 

Киришүү

Урматтуу Мырза-Аке айыл аймагынын тургундары!

Мырза- Аке айыл аймагыбыздагы айылдарыбыздын өнүгүп-өсүшү үчүн ар бир жашоочубуздун салымы болушу керек. Өсүп келе жаткан жаштарга үлгү көргөзүү ар бирибиздин милдетибиз. Келечекте айылыбыз ар тараптуу өнүгүп алдыңкы орундуктарга чыгышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек.

 

“Күчтүү элет-кубаттуу мамлекет” демекчи социалдык-экономикалык жактан өнүгүү болуш үчүн ишкерлерди колдоо, жумуш орундарын түзүү, инфрастурктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана ишке ашыруу, илим-билимге басым жасоо, калктын бардык катмарын, анын ичинде аялдардын, жаштардын эрте жаш курактагы балдардын өнүгүүсүнө жана тарбиялануусуна көңүл буруу, спорт, маданият, ден-соолук ж.б. көп тармактуу иштерди алдыга жылдыруу болуп саналат.

 

Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы - айыл аймактын өнүгүүсүнүн аныктаган жумушчу документи болуп саналат. Себеби ал өзүнө айыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди, алардын ар тараптуулугун жана өнүгүүнүн жаңы кадамдарын өзүнө камтыйт. Мырза-Аке айыл аймагынын өнүгүү программасы - айыл аймактын тургундарынын бардык катмарынын кызыкчылыктарын, жашоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган, коомчулуктун бардык чөйрөлөрүн, ири инвесторлорду, сырттан келген долбоорлорду, бизнес адамдарын ж.б. көңүлүн бура алган, жалпы элге түшүнүктүү, так жана маңыздуу болгон көп жылдык документ.

 

Бул программа Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ Мырза-Аке айыл аймагынын калкынын гендердик аспектерин эске алуу менен социалдык топторунун муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын аныктоо менен айыл аймактын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын иштеп чыкты.

 

Жумушчу топтун курамы:

 

№

     А.А.А.

Ээлеген кызматы

1.

М.Бусуев - жумушчу топтун төрагасы

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

2.

А.Сатыбалдиева - жумушчу топтун катчысы

Жооптуу катчы

3.

А.Туташева - жумушчу топтун мүчөсү

Айылдык Кенештин депутаты

4.

Н.Деңизбаева-жумушчу топтун мүчөсү

Айылдык Кенештин депутаты

5.

Р.Токторбаев - жумушчу топтун мүчөсү

“Тазалык” ишканасынын жетекчиси

6.

Н.Касымова - жумушчу топтун мүчөсү

Аскердик эсепке алуу столунун

инспектору

7.

А.Калмырзаев - жумушчу топтун мүчөсү

Аксакалдар Кеңешинин төрагасы

Социалдык жана гендердик аспекттер эске алынды жана жумушчу топтун курамына төмөнкү өкүлдөр кирди; айылдык кенешинин депутаттары - 2, коомчулуктун, жаштардын атынан - 1, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери - 3, аксакалдар – 1

 

1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар

 

Мырза-Аке айыл өкмөтү, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын (мындан ары – СЭӨП) иштеп чыгууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин, жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитээри белгиленген. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБО жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык (34, 51 беренелери) ЖӨБ аткаруучу органы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин анын аткарылышын камсыз кылат. КР Бюджеттик Кодексинин Жоболоруна ылайык, ЖӨБО тарабынан белгилүү бир милдетти каржылоонун негизи болуп, ошол аймактын СЭӨП эсептелет. Аймактын СЭӨП иштеп чыгуунун укуктук негиздерин төмөндөгүлөр түзөт:

1.    КР Конституциясы;

2.    КР Бюджеттик Кодекси;

3.    КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБО” жөнүндө Мыйзамы;

4.    КР финансы министрлигинин 2018-жыдын 17-апрелиндеги № 44 буйругу;

5.    Жергиликтүү жамааттын Уставы;

6.    Экономика министрлигинин № 63-А буйругу менен бекитилген Колдонмо.

 

 Мырза-Аке айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы – Мырза-Аке айылдык кеңешинин жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бекитилген милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууга багытталган, аткаруучулар жана ресурстар боюнча өз ара байланышкан, пландалган иш-чаралардын комплексин камтыган жана тиешелүү тармактарда приоритеттүү максаттарга жетүү үчүн өнүгүүнүн багытын, мүмкүнчүлүктөрүн, артыкчылыктарын, көйгөйлүү зоналарын камтыган документ.

 

2. МЫРЗА АКЕ айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат

 

Географиялык өзгөчөлүктөрү: Мырза-Аке айыл өкмөтү 1996- жылы уюшулган.Ош облусунун күн чыгыш бөлүгүндө ,ал эми Өзгөн районун күн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Мырза-Аке айыл аймагы Ош областынын Өзгөн районунда жайгашкан. Ош облусуна чейин 70км. Райондун борборуна чейин 11 км.

Аймак деңиз деңгээлинен бийиктиги 1025 метр.Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык,62 км Климаты кескин континенталдуу. Климаты кескин континенттик, жайы ысык, кургак – +30 С чейин. Кыш катуу болгон учурда жазгы үшүк адатта февралдын аягында марттын башында токтойт, бирок бул даталардан олуттуу четтөөлөр болушу мүмкүн.

Айыл өкмөтүнүн курамына үч айыл кирет;Адыр,Обком,Коммунист айыдары.Айыл өкмөттүн аймагында алма , өрүк , кокон гиларстын , кара гиларс, анар, курма, жаңгак, нак, жүзүм, шабдалы, алча, мисте, кайнолу ит мурут , алмурут, мырза терек, бака терек, сай терек, тал, мажүрүм тал, сай тал, кара тал, ак кайың, арчанын 4-5 түрү өсөт. Географиялык климаттык өзгөчөлүктөргө жараша бак-дарактар өсүп, өз убагында мөмөлөрү бышат. Элдин жашоо тиричилигине климаттык шарттардын таасири жакшы. Жай мезгили ысык, узак болот. Мисалы негизинен мал чарбасы үч ай гана кол карайт, калган мезгилде алыскы жана жакынкы жайыттарда кармалат.

Учурда 3779 кожолук 20,057 адам жашайт. Шайлоочулардын саны 8299 адамды түзөт. Алар ар дайым бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, улуттук ынтымакчылык менен биримдикте жашап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алып барган саясатын толугу менен колдоп, эмгектенип келүүдө. Айыл тургундары өздөрүнө берилген үлүш жерлерин толук иштетип, үй-бүлөөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртууга аракет жасап, ар жыл сайын сулуу жерлерден үч жолудан түшүм алып, негизинен айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы менен алектенип келишүүдө. Айыл аймагында калк көп улуттан туруп, мусулман динин тутунгандар. Айылдыктардын негизги киреше булагы айыл чарбасы, анын ичинен мал чарбачылыгы болуп эсептелет.

 

Социалдык – демографиялык маалымдамалар:

 

Аталышы

2020

2021

2022

Калктын саны

17799

18264

20 057

үй кожолуктары

3149

3328

3779

Жынысы:

 

 

 

Эркектер

8903

9124

10 064

Аялдар

8896

9140

9993

Курагы

эркек

аял

эркек

аял

эркек

Аял

 

0 -18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны

 

2948

 

2804

 

3178

 

3048

 

4273

 

4073

 Эмгеке жарамдуулар

1152

975

1385

1239

1354

1199

70 жаш жана андан жогору

52

60

47

57

61

75

Улгайган жалгыз бой адамдар

3

7

3

7

3

9

Пенсионерлер

-

 

 

-

2617

 

1-группадагы майыптар

5

12

7

11

8

9

2-группадагы майыптар

30

30

33

30

37

28

3-группадагы майыптар

8

9

11

9

10

13

 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны

20

40

30

35

38

31

Жөлөк пул алгандар

 

284

 

364

 

402

Томолой жетимдер

5

6

2

5

5

7

Жарым жетим балдар

83

62

88

62

85

78

Соц.жетим балдар

20

22

24

16

23

20

Камкордука алынган балдардын саны

4

2

3

4

5

4

Мед.жардамга муктаждар

13

27

18

31

20

30

Өтө жакыр адамдардын саны

14

10

12

11

14

10

Мектеп окуучулары

1550

1413

1600

1508

1736

1533

Бала бакчада тарбиялануучулар

1003

 

1009

 

1020

 

Чернобыль АЭСнин апаатына катышкандар

1

1

1

1

1

1

Афган согушунун катышуучулары

12

 

12

 

12

 

Баткен коогалаңына катышкандардын саны

30

 

30

 

30

 

Баатыр энелер+Эне да\кы

149

154

165

Калктын саны 2020-жылга салыштырмалуу 8% га көбөйгөн.

Негизинен айыл тургундары мал чарбасы жана дыйканчылык менен эмгектенет. Орточо эсеп менен калктын кирешеси бир айына 24747 сомду түзөт.

 

Ресурстар боюнча маалымат:

1.

Аталышы

Саны (га)

2.

Жер аянттары жалпы:

5186

3.

анын ичинен: айыл чарба багытындагы жерлер

2872

4.

анын ичинен: айдоо жер аянты

1679

5.

анын ичинен: сугат

1099

6.

анын ичинен: кайрак

1773

7.

анын ичинен: дыйкан чарбаларында

105

8.

Мамлекеттик менчикте

319

9.

Мамлекетке караштуу жерлер

319

10.

Калктуу конуштардын жерлери

475

11.

Коммуналдык менчикте

-

12.

КБФнын жерлери

319

13.

Жайыт жерлери

4 613

 

Муниципалдык инфраструктура обьекттери:

 

1.

Аталышы

Саны

2.

А/Ө имараты

1

3.

Мектептер (саны )

7

4.

Бала-бакча

11

5.

ФАП

1

6.

Клуб

2

7.

Спорт аянтчасы

1

8.

Китепкана

2

9.

Дүкөндөр

40

10.

Мончо

8

11.

Муниципалдык ишкана

2

12.

Аптека

6

 

Аймактын административдик структурасы: АК депутаттарынын саны – 21 киши, анын ичинен 10 аял. АӨ аппараты – 27 адам, анын ичинен 6 аял.

Коомдук уюмдар:

1.

Аксакалдар соту

1

2.

Карыялар кеңеши

1

3.

Аялдар кеңеши

1

4.

Жаштар уюму

1

5.

Коомдук бирикме

1

6.

“Мырза-Аке суу”ИСКАКБ

1

7.

“АдырТаза суу”ИСКАКБ

1

 

Калктын керектөөлөрүн программада эске алуу:

2022-жылдын декабрь айында Мырза-Аке айыл аймагынын жашоочуларынын, анын ичинде аялдардын, кыздардын, жаштардын, аталардын катышуусу менен 3 фокус топ өткөрүлдү. Иш чараларга айылдын ар бир социалдык катмарынын өкүлдөрү жаш курактары боюнча катышты. Жалпы катышуучулардын саны 95 адам, аялдардын саны 41 болду. Жалпы анкетирлөөгө 117 адам катышты. Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталды.

 

№

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн аталышы

Көйгөйгө тиешелүү айылдын (кварталдын көчөнүн) аталыштары

Жалпы добуштардын саны

1.

Айыл аймактагы таза суунун жетишсиздиги:

Адыр, Мырза-Аке айылдары

256

2.

Ички жолдордун начар абалы жана тротуарлардын жоктугу:

К.Жоробеков,А.Султанов.С.Жусупов көчөлөрүнүн начарлыгы негизинен тротуарлар жок

230

3.

Мектепке чейинки балдардын билим алуусуна шарттардын жетишсиздиги

Тегерек-Коргон айылдары

 

150

4.

Эгин оорууга комбайндын жетишсиздиги

Бабыр айылы

45

5.

Спорт менен машыгууга шарттын жетишсиздиги

Адыр .Бабыр айылы

70

6.

Жашылдандыруу маселеси

Мырза-Аке ,Адыр,Бабыр айылдары

155

7.

Унаа жуучу жайдын жоктугу:

Адыр,Бабыр айылдары

87

8.

Май куйуучу жайдын жоктугу

Адыр ,Бабыр айылдары

45

9.

Кенже курактагы балдарга ойноо аянтчасынын жетишсиздиги

Бабыр айылы

87

 

Жергиликтүү бюджет

2021-2022-жылга карата бюджетти салыштыруу

 

Кирешелердин аталышы

2021-жыл

факт

2022-жыл

Факт

Өзгөрүү

(+,-)

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

16 378,9

23 009,3

6 630,4

Чакан ишкердиктин субьектилери учүн бирдиктүү салык

6,5

306,3

+299,8

Милдеттүү патенттөө негизиндеги салыгы

183,5

10,9

-172,6

Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы

1 516,5

1 731,4

+214,9

Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы

298,3

335,0

+36,7

Жеке адамдардын транспорт каражатына салык

1 893,9

2 000,0

+106,1

Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы

313,6

328,9

+15,3

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

728,1

472,6

-255,5

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

972,1

859,5

-112,6

Физакалык жер салык

313,6

328,9

+15,3

Роялти

2 479,7

2 964,7

+485,0

Теңөөчү трансферттери

7 771,3

0,00

-7 771,3

Максаттуу трансферттери

348,6

4 601,7

+4 253,1

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө үчүн

1 071,2

3 242,8

+2 171,6

Жайыт ижарасы үчун акы

200,0

200,0

0,0

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы

600,3

977,9

+377,6

Алынбай калган пайданын ордун толтуруудан жергиликтүү бюджетке төлөм

0,00

451,8

+451,8

Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы

22,0

12,0

-10,0

 

Таштанды төлөму

142,6

129,9

-0,7

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

8 565,8

12 757,4

+4 191,6

Учурдагы жардам

70,0

2 250,0

+2 180,0

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

1 865,2

2 158,4

+293,2

Жеңил автомобилдерди сатуу

15,0

0,00

-15,0

Кирешелердин жыйынтыгы

45 576,1

59 365,4

+13 789,3

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

8 587,6

10 158,6

+1571,0

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

226,0

265,0

+39

Коргонуу

 

 

 

Айыл чарбасы

600,0

1 065,1

+465,1

Жайыт комитет

207,0

470,0

+263,0

Коммуналдык чарба

18 943,2

19 407,5

+464,3

Маданият

852,5

3 153,0

+2 300,5

Билим берүү

16 701,1

27 184,3

+10 483,2

Социалдык коргоо

241,6

2 824,1

+2582,5

Чыгашалар жыйынтыгы

46 359,0

64 527,5

+18 168,5

 

Жалпы киреше бөлүгүнүн 2021-жылдан 2022-жылга салыштырмалуу 12 айдын жыйынтыгы менен 13 789,3 миң сомго жогорулады. Бюджетти толтурууда жер салыгын көтөрүү жана кайрак иштелбей турган жерлерге суу чыгарып аукцион аркылуу арендага берүү ж.б. иш аракеттер пландалууда.

 

 

3. УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ТАЛДОО БОЮНЧА АНАЛИЗ

 

3.1. Пландоо, башкаруу жана администрациялоо

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жалпысынан 25 кызматкер эмгектенет, анын ичинен аялдар - 13. Алардын ичинен 9 кызматкер жогорку билимдүү, ал эми калган 16 кызматкер атайын орто билимдүү. АӨнүн бардык кызматкерлери кеңсе техникалары, интернет жана жылуу имарат менен камсыз болгон. Бирок АӨнүн имараты эски жана кабинеттери кичирээк. Бир кабинетте ар тармактуу 3-4 кызматкерлер отурушат, жарандарды кабыл алууда ыңгайсыздык жаралат.

 

 Жылына жалпы жонунан 2-3 кызматкер квалификациясын жогорулатуу максатында кайра окутуудан өтүп турушат. Учурда айлык акы көбөйүп ар кайсыл тармак боюнча ички резервдик кадрлар көбөйүүдө.

Андан тышкары учурда “Санарип аймак” аркылуу калкка кызмат көрсөтүүнү уюштурулуп иштелип жатат. Болгон маалыматтарды алуу оңойлошту. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнө спорт тармагын тейлөөчү кызматкерлер жетишпей турат.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын саны – 21 адам, анын ичинен аялдардын саны - 9.

Пландоо жана башкаруудагы негизги көйгөйлөр:

·         Калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуудагы шарттын жетишсиздиги;

·         Кадрлардын жетишсиздиги;

·         Калктын ЖӨБ органдарына ишенимдин жана байланыштын жетишсиздиги

 

  3.2. Экономикалык маселелер:

 

Айыл чарбасы: мал чарбасы:

Мырза-Аке айылынын тургундарынын үй-бүлөөлүк негизги киреше булагы айыл чарбасынан, анын ичинен басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгынан болуп саналат.

Айылда малдардын саны:

№

Аталышы

Саны (баш менен)

Динамика +/-

2021

2022

1.

Уй

4116

3900

-216

2.

Жылкы

945

797

-148

3.

Кой

14900

14800

-100

4.

Эчки

-

-

-

5.

Топоз

-

-

-

6.

Үй канаттуулары

25400

25000

-400

 

Уй чарбачылыгы: Уй чарбачылыгы дагы айылдыктардын маанилүү киреше булактарынын бири. Бирок учурда уй чарбачылыгында 3 негизги көйгөй бар экендиги байкалат:

1) Уйлардын асылдуулугун жогорулатуу боюнча эч кандай иштер жүрбөйт. Жасалма уруктандыруу пункту бар, бирок иштин жүрүүсү начар. Ошондой эле уйлардын саандуулугу дагы төмөн бойдон калган.

2) Экинчи маселе тоют даярдоого же тоюттандырууга байланыштуу. Башкача айтканда элдердин саан уйларды талапка ылайык тоюттандырбагандыгын байкоого болот.

3) Үчүнчү маселе уйлардын ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн регулярдуу толук өтүп турбагандыгы жана дегельминтизация тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөйт

Жайыттар: Мырза-Аке айылына тиешелүү жайыттары жана айдоо жерлери кенен. Жалпысынан Мырза-Аке айылына тиешелүү 6300,0 га ортоӊку жана 1200,00 га га ички жайыт бар. Жаман -Тал, Байбиче, Кара-Шоро, Беделбай, Сарыгол, Көкторпок, ж.б. сыяктуу ички жайыттарда мал кыштап, жайкысын жакада калган мал оттойт. Мал жайлаган Кара-Шоро жана Беделбай жайлоолорунун аянттары жетишээрлик деӊгээлде.

Малчылар жакшы карап, жакшы бакса күзүндө жайлоодогу мал семиз эле түшөт. Жайлоо жакын болуп, мал баккан чабандарга көчүп барып келүүгө жакшы эле ыӊгайлуу. Бирок малдын негизги бөлүгү жайлаган Сарыгол, Көкторпок жайлоосуна баруучу жолдор жакшы каралбагандыктан ахыбалы жакшы эмес. Натыйжада жакын турган жайлоого бир далай убакытта барууга туура келет

Жайыт жолдору аз-аздан оңдолуп жатат. Жаман-Тал жайлоосуна жаңы жол жасала баштады.

Жайыттарды башкаруу боюнча көйгөйлөр:

ü  Алыскы жайыттарга баруу үчүн жолдун начардыгы;

ü  Көпүрөлөрдүн жоктугу;

ü  Малчыларга жайыт бөлүштүрүүдө сезондук картанын жоктугу;

ü  Мал баккан кашарларда электр энергиясынын жоктугу;

ü  Сарайлардын документтеринин жоктугу;

ü  Жайыт акынын толук төлөнбөшү.

 

Мал чарбачылыгы менен алектенген чарбалар боюнча маалымат:

№

Аталышы

2019

2020

 

Өзгөрүү

динамикасы

1.

Жаңы чарбалардын саны

20

20

0

2.

Түзүлгөн жумушчу орун, анын ичинен аялдар

25/17

32/23

7/6

3.

Түзүлгөн жумушчу орун, анын ичине жаштар

12

16

4

4.

Түзүлгөн жумушчу орун, анын ичинен аяр катмарлар

5

8

3

5.

Мал чарбачылыгын өнүгүүсү үчүн тартылган инвестициянын көлөмү

0

0

0

6

Калктын аялуу топтору үчүн жумуш орундарын түзүүгө дем берүү боюнча чаралар

жок

жок

 

 

Мал чарбачылыгана байланышкан көйгөйлөр:

ü  Асыл тукум малдарды багуу боюнча жеке дыйкан чарбалардын билиминин жана тажрыйбасынын жетишсиздиги;

ü  Малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча эч кандай иштер жасалбайт;

ü  Малды багып өстүрүү боюнча жаңы технологиялар колдонулбайт;

ü  Үй канаттууларынын бардык түрүн багып, өстүрүп, андан киреше табууда жаӊы тирдик жаш үй бүлөөлөргө жана жакыр үй бүлөөлөргө шарт түзүү боюнча иштер жүргүзүлбөйт;

ü  Аарычылык жүргүзүү жана балык чарбасын өстүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлбөйт;

ü  Жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш аракеттер жетишсиз;

ü  Калктын бардык катмарынын аӊ сезимине жана түшүнүгүнө, чарбачылыкты өнүктүрүү жана жаӊылыктарды киргизүү боюнча түшүндүрүү жана окутуу, демонстрациялап көргөзүү иштеринин жетишсиздиги;

ü  Айыл өкмөтүнүн айыл чарба адисинин, ветеринардык кызматкерлердин, СПА жана Жайыт пайдалануучулар комитетинин кызматкерлеринин талапка ылайык жумуш алып баралбагандыгы;

ü  Райондук, облустук жана республикалык деӊгээлдеги ар кандай айыл чарба көргөзмө жарманкелерине барып катышып келген фермерлер жокко эсе. Айыл чарбасына тиешелүү маалыматтарды айылдын фермерлерине берип турууну жакшылап колго алынбаган;

ü  Айыл боюнча юридикалык каттоодон өткөн дыйкан чарба же айыл чарба кооперативдери болгону менен, чарбачылык кылууда биргелешип аракеттенүү, өндүрүлгөн продукциясын биргелешип сатуу жана урөөн, көчөт ж.б. чарбачылыкка керектүү нерселерди биргелешип алып келүү жок.

 

Талаачылык:

Айылда катталып, туруктуу жашап жаткандарга 1991-жылдардын башында дыйкан чарбага тараган кезде эң биринчилерден болуп 1,29 га ал эми андан кийинкилерге 1.10 гектардан жер үлүшү тийген. Үлүшкө тийген суу баскан айдоо жерлер 3223 га, кайрак жерлер 1007 га.

Калктын санына салыштырмалуу суу баскан айдоо жерлер кенен жана сугат суулардын көлөмү жетишээрлик деӊгээлде. Пайдаланылбай турган

Адыр,Бабыр,Калпак.айылдарындасуу жетпегендиктен иштетилбей келүүдө. Акыркы 5 жыл аралыгында көп жылдык чөптүн аянтынын чоӊойгону байкалат жана бул туура кадам болгонун мезгил тастыктады. Анткени биринчиден жылыга айдала берип арыктап, шамалга жана сууга жуулуп, эрозияга учураган жер кыртышы калыбына келүүдө.

 

Мырза-Аке айыл аймагынын баардык жер аянттары бөюнча 2022- жылкы маалымат:

№

Баардык жер аянттардын түрлөрү

Өлчөө бирдиги

Бардык жер

Бардык жер аянты

га

2971

1.

● Анын ичинен суу жеткиликтүү

га

1099

2.

● Кайрак

га

1773

3.

·         Кайра бөлүштүрүү фонду

га

99

Айыл аймакта айдалган аянттар:

№

Аталышы

Саны (га менен)

Динамика +/-

2021

2022

1.

Арпа

35га

40 га

+5

2.

Эспарцет

80га

120га

+40

3.

Сулу

675га

675га

0

4.

Картошка

20га

20га

0

5.

Жашылча

20га

20га

0

 

Айыл аймакта айдалбаган аянттар:

№

Аталышы

Саны (га менен)

Динамика +/-

2021

2022

1.

Калпак (кайрак)

0

0

 0

2.

Чаура ( кайрак)

0

0

0

3.

Мукур (кайрак)

0

0

0

4.

Долоно бел (кайрак)

0

0

0

 

Ирригация системасы: Мал чарбачылыгынын өнүгүп өсүүсү тоют базасынан түздөн түз көз каранды. Ал эми тоют өсүмдүктөрү толук кандуу жана өз убагында сугарылбаса тоют базасы эч качан өнүкпөйт. Демек сугат суу менен камсыз кылуу системасынын иштөөсүнөн жалпы элдин жашоо-турмушу көз каранды десек жаӊылыштык болбойт. Сугат суунун жазында кеч келгени эле болбосо, негизинен вегетациялык убакытта сугат суу жетишээрлик көлөмдө эле болот. Жалпы ички ирригация каналдарынын 18 км түзөт.

Талаачылыкка байланышкан көйгөйлөр:

ü  Күнөскана жана парниктерди эч ким куруп иштетип көрүшө элек;

ü  Талаачылыктагы башкы көйгөйлөрдүн бири бул ирригациялык системанын толук кандуу иштебей, негизги сугат каналдарынын өткөрүмдүүлүгү төмөндөп, оңдоого муктаж болгондуктан суу коромжу болуп, айдоо жерлерге толук жетпейт;

ü  Тартыштык сугат суунун көлөмүнүн аздыгынан эмес, ички арыктардын казылып, тазаланбагандыгынан жана келген сууну көзөмөлдөгөн адам жоктугунан болууда;

ü  Моңол каналынан Чоро-Моңол каналдарынан айдоо аянттарга суу алып келүүчү каналдар толуп калгандыктан өткөрүмдүүлүгү начарлап жана кулактарда суу бөлүштүрчү курулмалардын жоктугунан сугат мезгилинде суу тартыштыгы жаралат,эгерде латоктор коюлса элдин эгин сугаруусуна да ыңгайлуу болот эле

ü  Калпак, Чаура участкаларында суу маселеси көйгөй жараткандыктан кеминде 850-900 га жер аянтына суу жетпегендиктен пайдаланылбай турат.. Ошондуктан эгер биз жашоо турмушубуз оӊолсун десек, сөзсүз түрдө негизги сугат каналдарын куруп, тазалап, оӊдоп чыгуубуз зарыл;

ü  Сууларды дагы эффективдүү пайдалануу максатында гидротарандардын колдонулбагандыгы;

ü  Там арканын бош жерин калтырбай негизинен картөшкө, сабиз, сарымсак, кызыл кызылча, капуста, ж.б. жашылчаларды айдоо иштеринин колго алынбагандыгы;

ü  Алынган түшүмдү туура сактоо үчүн чоӊураак жана талапка ылайык кампалардын жоктугу;

ü  Органикалык жана минералдык жер семирткичтердин өсүмдүктөргө берилбегендиги жана калктын, өзгөчө аялдардын, аяр катмарлардын, жаштардын бул боюнча маалымдуулугунун жана тажрыйбасынын жоктугу;

ü  Жашылча жана жемиштерди өстүрүү боюнча калктын, аялдардын, өзгөчө аяр катмарлардын, жаштардын бул боюнча маалымдуулугунун жана тажрыйбасынын жоктугу;

ü  Токойдо өскөн чөптөрдү жыйноо жана кургатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтын жана тажрыйбанын жетишсиздиги.

 

АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ:

Мырза-Аке айылында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жергиликтүү тургундардын көпчүлүк бөлүгү ийри мүйуздүү малдын, тагыраак айтканда уй мал жанынын сүтүн алып сүзмө, сары май ж.б продукцияларын өндүрүшөт жана 10% тургундар мал чарбачылыгы менен алектенип кой, уй, жылкы бордоп семиртишип үй-бүлөөлүк бюджетине кошумча пайда алып келишет.

Мырза-Аке айылында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетип, жеке ишкердүүлүк менен алектенүүгө шарттар бар экендигине карабастан бүгүнкү күндө 40 чакан магазин, 3 пекарный, 3 жүн иштетүүчү цех, 1 эмерек жазоочу цех, 1 даяр пластиктен терезе эшик жазоочу цех, 1 минералдык суу чыгаруучу цех, 1 «Бассейн» эс алуу жайы, (3-4,5 ай гана иштейт) 6 кымыз алып саткан ишкер (2,5-3 ай гана иштейт), 3 швейный цех, 3 желимдөө жайы жана жаӊы ачылган бильярд ойноочу жай ачкан 1 ишкер бар. Бул албетте өтө аз.

Кайра иштетүүгө байланышкан көйгөйлөр:

ü  Калкка, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аяр катмарларга маалыматтын жана тажрыйбанын жетишсиздиги;

ü  Калкка, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аяр катмарларга каржы жана башка ресурстардын жетишсиздиги;

ü  Калктын каражатты туура эмес пайдалануусу жана финансылык сабаттуулугунун жетишсиздиги;

ü  Кичи, орто ишканалардын жетишсиздиги;

ü  Бизнес жаатында долбоорлодун жазылбагандыгы, маалыматтардын жетишсиздиги;

ü  Изденүүнүн жана идеялардын жоктугу болуп эсептелинет;

ü  Кичи ишкерликти жана кол өнөрчүлүктүү өнүктүрүүдө шарттардын жетишсиздиги.

3.3.Айлана-чөйрөнү коргоо, ден-соолук

 

Айлана- чөйрөнү жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Ш.Колубаев,Жээнбеков көчөлөрүнө жана мектептерге (6 га) кошумча дагы көчөттөр отургузулат. Өзгөн ,жана Кара -Кулжа тараптан айылга кирип келе жаткандагы жолдун эки капталына дарактарды тигүү пландалууда.Андан сырткары айылдын күн чыгыш тарабына бак-дарактар тигилген, дагы кошумча отургузуу керек.Чыгыш тараптан шамал көп болгондуктан кышында кардын баарын учуруп үйдүн алдыларын, жолдорду көмүп салат. Жолдо жүрүүгө ыңгайсыздык жаратып келет.Ушул тараптагы бак-дарактар жакшы өсүп калса айылды аз дагы блосо шамалдан коргойт деген ойдобуз. Айылдын ар бир жашоочусуна айлана-чөйрөгө экологиялык таза жашоо алып келүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп болуп турат.Ар бир түтүнгө көчөт отургузуу боюнча атайын иш чаралар уюштурулуп көчөттөрдөн таратылып берилип келет.

 

Айлана-чөйрө маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Айылдын коомдук жерлеринин жашылдандыруунун жетишсиздиги;

ü  Атайын бак-дарак өстүрүүдөгү адистин жоктугу;

ü  Экологиянын бузулушу.

Ден-соолук:

Мырза-Аке 1996 – жылдан Мырза-Аке ЖДПБ нын (жалпы дарыгердик практика борбору) мырза-Аке филиалы стационардык бөлүм Азыркы учурда оорукананын ахыбалы жана сырткы жасалгасы жакшы абалда. Бирок айрым медициналык жабдуулар жетишпейт. Кызматкерлер колунан келишинче айылдыктарга жана кошуна айылдагыларга кызматын көрсөтүп турат. Оорукананын имаратында аптека бар, айыл тургундары дары-дармек менен камсыз болушат. Ошондой эле тез жардам унаасы бар катуу оорулуулар чыгып калса, райондун жана облустун борборуна кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барууга жардам көргөзөт. Айылдагы санитардык абал канааттандыраарлык. Барында мончо жок болсо дагы көпчүлүгүндө бар. Айыл тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүнө суу киргизишип душ ванналары коюлган. Бала бакчада жана мектепте жугуштуу оорулар чыгып, жабылган учурлар каттала элек.

Ден-соолук маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Ооруканага жаш кадрлардын жетишсиздиги;

ü  Дене гигиенасын сактоого шарттын жетишсиздиги;

ü  Ден-соолукту чыңоочу атайын жайлардын жоктугу;

ü  Жугуштуу оорулар жөнүндө көп маалыматтын жетишсиздиги;

ü  Ооруканада эң керектүү жабдыктардын жоктугу.

Жалпы Мырза-Аке аймагындагы коомдук тартип жана коопсуздук боюнча бүгүнкү абал туруктуу.

3.4.Коомдук тартип жана коопсуздук

 

Коомдук тартиптин абалы:

№

Коомдук тартиптин абалы

2021

2022

Динамика +/-

1.

Түшкөн арыздар

387

(12ай)

423

( 12 Ай)

+36

Акыркы 2 жылдын ичинде тартип бузуулар мал жоготуу жана спирт ичимдиктерин ичип коомдук тартипти бузуу боюнча катталууда. 2021-жылга салыштармалуу азайып бара жатат.

Келечекте коомдук тартипти бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо максатында Коомдук алдын алуу борбору иш алып барат. Коомдук алдын алуу борбордун негизги милдеттери – калк арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү, экстремизмдин алдын алуу, жашы жете электердин никеге турушуна жол бербөө, жол коопсуздугу жана башкалар. Айыл аймагында аксакалдар соту, аялдар комитети, жаштар комитети жана аксакалдар кеңеши сыяктуу коомдук уюмдар түзүлгөн.

Андан сырткары аксакалдар соту да иштейт. Коомдук тартипти сактоодо аксакалдар сотунун таасири жогору десек болот. Көпчүлүк маселелерди аксакалдар соту өз убагында, жеринде ыкчам чечүүгө аракет кылышат.

 

Коомдук тартип жана коопсуздук маселесине байланышкан көйгөйлөр:

Ø  Видеокөзөмөлдөрдүн коомдук жайларга орнотулбагандыгы;

Ø  Түшүндүрүү иштери жана атайын окутуулардын аздыгы;

3.5 Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

Таза суу:

Мырза-Аке айылынын жашоочуларына таза суу менен камсыз болгон. Бирок суу стандартка жооп бербей жаткандыгы боюнча экспертизадан өткөрүлгөн.

Ички суу трассаларынын абалы: орто

Таза суунун тарифи үйгө киргени 120сомду түзөт. Жалпы чоргодон алганы 60сомдон ар бир түтүнгө. Тарифти чогултуу 90% пайызды түзөт.

Таза суу менен камсыз болгондордун саны:

№

Таза суу менен камсыз болгондор:

2021

(түтүн)

2022

(түтүн)

Динамика +/-

 

Үйүнүн ичине суу киргизгендер

1633

1688

+55

 

Үйүнө киргизе электер

1300

1538

+238

Тарифтерди жыйноо:

№

Тарифтерди жыйноо:

2021

2022

Динамика +/-

 

Тарифтерди жыйноо бир адамга 26,29т ,кранты барларга- 45с

315,48т ( 12 айга)ташып ичкендердин төлөмү 540 с – кранты барлардыкы ( 12 ) айга

236,61 т (ташып ичкендер),кранты барлар -405 с(9 айга)

 

-  4,876

 

Таза суу маселесине байланышкан көйгөйлөр:

·         Мырза-Аке айыл аймагында таза суунун жетишсиз, калктын саны күндөн-күнгө өсүүдө, бирок суу трассасына коюлган трубалары ичке болуп айыл тургундарын, анын ичинде жаштарды, аяр катмарларды таза суу менен толук камсыз кылалбай келишет.

·         Суунун башы сазга кошулуп калгандыктан, эл таза суу иче албай, суу ылай даамданып турат, микроб курттар да кездешет. Ошол себептен эл таза суунун сапатына жана көлөмү аз болуп жаткандыгына нааразы болуп келишүүдө. Натыйжада ооруган адамдар көбөйүп, өзгөчө аяр катмарларга, балдарга терс таасирин тийгизет. Таза суунун стандартка жооп бербеши ар кандай жугуштуу ооруларга жол ачып берип жатат.

 

·         Айылдын таза суунун көлөмүн жана сапатын жакшыртуу үчүн жаңы суу трассасын тартуу керек, трубалардын жоондорун коюп, ичүүчү суунун башын тоодон түшкөн таза булакка кошуу керек.

 

Таштанды маселеси: Мырза –Аке айылында 820 кожолукта 4233 киши жашайт.

Чыгарылган таштандынын саны:

№

Чыгарылган таштандынын саны:

 

2021

2022

Динамика +\-

1

Кожолуктардан (үй тиричилик таштандылары)

770

 

790т

+20

2

Курулуш таштандылары

800

900

= 10

3

Мекеме жана ишканалардан

50

50

-

Калктан таштандыларды чогултуп жана жыйноо үчүн ар бир түтүнгө 42 сомдон бекитилген. Тарифти чогулушу 60 пайызды түзөт. Кээ бир айыл тургундары уруксаты жок майда карьерлерге, көчө жээктерине, коомдук жайларга таштандыларын таштап салышат. Айыл ичиндеги коомдук жайларга мекемелерге таштанды челектерин орнотуу керек.

Мырза-Аке айылынын ичиндеги катуу калдыктарды чыгарып кетүү боюнча 2022-жылы 2,500 кожолук менен келишим түзүлүп, анын негизинде 2022-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен 600 000 сом акча түшкөн.

Таштанды үчүн акы төлөөдөн 10 түтүн жеңилдик алган.

 

№

Таштанды чогултуп жана чыгаруу боюнча кожолуктардын жана төлөмдөрдүн көлөмү

2021

2022

Динамика +\-

саны

сом

саны

сом

саны

сом

1

Таштанды чогултуп жана чыгаруу боюнча кожолуктардын саны

1515

500

1593

500

+78

 

2

Мекеме уюмдар (жеке ишкерлер)

55

 

58

 

 

+3

3

Кожолуктардын төлөмдөрүнүн көлөмү

 

749,6

749,6

 

 

 

4

Мекеме уюмдар (жеке ишкелер) төлөм көлөмү

 

151,2

 

118,7

 

_32,5

 

 

 

12 ай

 

12 ай

 

 

 

Таштанды маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Көпчүлүк таштандылар туура эмес сорттолуп жана утилизация болбойт. Ошондой эле жылдап чыгарылбай турган айрым күл дөбөлөр кездешет;

ü  Таштанды үкөктөрүнүн жоктугу;

ü  Таштанды иштетүүчү жабдыктардын жоктугу;

ü  Жашоочулар таштандынын төлөмүн толук төлөбөгөндүгү.

 

№

Шагыл төгүлүп жасалган көчөлөрдүн аталышы

2021 (метр

менен)

2022

(метр менен)

1.

Ш.Койлубаев көчөсү

800 метр

 

2.

Алыкулов көчөсү

4 км

 

3.

Калпак учаскасына

 

2 км

Ички жол маселесине байланышкан көйгөИчки муниципалдык жолдор, тротуарлар жана көпүрөлөр: Мырза-Аке айылдык аймагы боюнча 6 километр 800 м муниципалдык ички

Жалпысынан А.Айткулов ,С Ташболотов ички көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, оңдоо иштери жүргөн.

 

Ички көчөлөрдү көчө жарыгы менен камсыздоо

 

Жалпы Мырза-Аке айыл аймагында ички көчөлөрдө көчө жарыгын орнотууга зарыл болгон 17км километр көчө болсо, анын ичинен бүгүнкү күндө 11.5 километрине электр чырактары орнотулуп, жарык менен камсыз болгон. Калган көчөлөрдүн 5.5 километри жарыктандырылбаган. Жергиликтүү жашоочулар акча каражатын чогултуп жарыктандырууну өзүлөрү уюштуруу жолу менен жасашкан.

 

Ички көчөлөрдү көчө жарыгы менен камсыздоо маселесине байланышкан көйгөйлөр:

 

Ø  Жергиликтүү бюджеттин жетишсиздиги;

Ø  Жашоочулардын уюшкандыкта иш алып баруунун жоктугу.

3.6.  Эс алуу, маданият жана спорт

 

Айыл аймагында маданий иш-чараларды өткөрүүгө Мырза-Аке айылында маданият үйү бар. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат менен даталуу күндөрү майрамдарды өткөрүп, элдин көңүлүн көтөрүп келебиз.

Маданий иш чаралардын жана маданиятка тартылган адамдардын саны:

 

№

Маданий иш чаралардын жана маданиятка тартылган адамдардын саны:

2021

2022

Динамика +\-

 

 

1

Маданий иш чаралардын саны

10

10

0

 

 

 

эркек

аял

эркек

аял

эркек

аял

2

Маданий иш чарага тартылган жаштар (14-28 жаш)

42

35

53

42

+11

+7

3

Маданий иш чарага тартылган окуучулар жана өспүрүмдөр

26

39

38

44

+13

+5

4

Маданий иш чарага тартылган кенже курактагы балдар

23

32

29

35

+6

+3

5

Маданий иш чарага тартылган орто жаштагы муундар

17

46

25

59

+8

+13

6

Маданий иш чарага тартылган карылар

47

21

53

28

+6

+7

 

Айылдын маданиятын өнүктөрүү үчүн атайын мектеп алдында жана маданият үйүндө атайын кружоктор ачылган: комуз, бий, кол өнөрчүлүк, жеке аткаруучулар ж.б. Аларга катышуучулардын саны 135.

Маданият маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Атайын уюштурулган маданий-иш чараларга элдин катышуусунун кайдыгерлиги;

ü  Азыркы учурда маанилүү маселе – Маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүп, инвентар менен камсыз кылуу;

ü  Музыкалык аппараттардын жетишсиздиги (ямаха,аккардеон,гитара ж.б);

ü  Атайын кийүүчү формалардын (артист көйнөк) жоктугу;

ü  Бий кружок өтүүчү залдын жоктугу жана керектүү шаймандардын жетишсиздиги;

ü  Маданият үйүнүн алдына цемент төшөө;

ü  Маданият үйүнүн жер төлөөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү.

 

Китепкана:

 

Жалпы аймак боюнча 7 мектептин жана 2 мамлекеттик китепкана бар. Азыркы убакта мамлекттик китепканада 7360 даана китеп бар. Окурмандар саны бүгүнкү күндө көбөйүп, залдын тардыгына байланыштуу ыңгайсыздык жаратып келет. Жылытуу ситемасы дагы толук бүтпөй, зал суук болуп кышкысын окурмандар китептерди үйүнө алып барып окуп келишет. Китептерди замандын талабына ылайык жаңыртуу керек.Буга чейин жергиликтүү бюджеттен жана спонсорлордон толукталып келет.

Китеп сүйүүчүлөрдүн жана китепканага тартылган адамдардын саны:

№

Китеп сүйүүчүлөрдүн жана китепканага тартылган адамдардын саны:

2021

2022

Динамика +\-

эркек

аял

1

Китеп сүйүүчүлөрдүн саны

1803

 

1 824

9

12

 

 

эркек

аял

эркек

аял

 

 

2

Китепканага тартылган 0-15 жаштагы окурман балдар

191

152

229

201

+38

+51

3

Китепканага тартылган 15-21 жаштагы окурмандар

70

59

87

67

+17

+8

4

Китепканага тартылган 21-40 жашка чейинки окурмандар

112

125

153

135

+41

+10

5

Китепканага тартылган 40-60 жашка чейинки окурмандар

54

66

64

88

+10

+22

6

Китепканага тартылган карылар

7

5

17

9

+10

+4

 

Китепкана маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Атайын китепкана үчүн кененирээк кабинет же имараттын жоктугу;

ü  Электрондук китепканага айлантуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн бюджеттин жетишсиздиги;

ü  Жылуулук системасынын начардыгы;

ü  Инвентарларды алууга акча каражатынын жетишсиздиги.

Айылда мектептин спорт аянтчасы жана кичи футбол аянтчасынан тышкаары эч кандай спорттук объект жок. Бирок спорт оюндарына кызыккан жаштар айылда арбын. Негизинен спорттун волейбол, баскетбол жана кичи футбол оюндары көп ойнолот. Волейбол оюну мектептин спорт залында ойнолуп келет, ичи тарыраак.Окуучулар менен чоңдор арасында зал талаш болуп калат. Ошол үчүн атайын өзүнчө расписание түзүлгөн окуучулар жана чоңдор үчүн.

Массалык спорт иш чараларынын жана спортко тартылган адамдардын саны:

№

Массалык спорт иш чараларынын жана спортко тартылган адамдардын саны:

2021

2022

Динамика +\-

1

Массалык спорт иш чараларынын саны:

29

23

6

2.

Спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин саны:

- футбол

- волейбол

- ордо

- күрөш

- көк бөрү

-шахмат

 

 

 

5

14

1

2

3

2

 

 

2

4

2

3

2

1

 

 

-3

-10

1

-1

-1

-1

 

 

эркек

аял

эркек

аял

эркек

аял

3

Массалык спортко тартылган жаштар (14-28 жаш)

419

74

448

69

+29

-5

4

Спорттун түрлөрү боюнча машыгууга тартылгандардын саны:

- футбол

-волейбол

-ордо

-күрөш

-көк бөрү

-шахмат

 

 

 

 

112

96

14

25

20

16

 

 

 

13

24

0

8

0

0

 

 

 

133

72

15

25

24

14

 

 

 

27

33

0

6

0

0

 

 

 

+21

-24

+1

 

+4

-2

 

 

 

+14

+9

 

-2

0

 

 

5

Массалык спортко окуучулар жана өспүрүмдөр

150

50

162

35

+12

-15

6

Спорттун түрлөрү боюнча машыгууга тартылгандардын саны:

- футбол

-волейбол

-ордо

-күрөш

-көк бөрү

-шахмат

 

 

 

 

34

57

7

37

8

26

 

 

 

12

33

0

4

0

0

 

 

 

38

43

22

4

6

24

 

 

 

 

20

16

0

0

0

0

 

 

 

+8

 -14

+15

+1

 -2

-2

 

 

 

+4

+17

 

 

 

 

7

Массалык спортко тартылган кенже курактагы балдар

 

0

 

0

 

0

 

0

 

0

 

 

8

Массалык спортко тартылган орто жаштагы муундар

 

32

 

17

 

23

 

0

 

+9

 

+6

9

Массалык спортко тартылган карылар

 

21

 

0

 

16

 

 

0

 

+5

 

 

 

Дене тарбия жана спорт маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Спорт оюндары менен негизинен мектептин жогорку классынын окуучулары жана 30 жашка чейинки жаштар алектенет. Ал эми улуу муундагылар жана кыз-келиндер арасында спорт оюндары көп ойнолбойт. Натыйжада спорт оюндары айылда популярдуу эмес

ü  Мындай көрүнүштүн бир себеби шарттын жоктугу болсо экинчи себеби бул айыл өкмөтүнүн аппаратында жаштар менен иш алып баруучу жана спортту өнүктүрүүчү инструктор адисинин жоктугу болуп эсептелет.

ü  Атайын заманбап спорт комплекстеринин жоктугу;

ü  Спортко байланышкан жабдыктардын жоктугу;

ü  Аял затына арналган атайын фитнес-клуб же атайын ден-соолук чыңдоочу жайдын жоктугу;

 

3.7.  Билим берүү: Мырза-аке айылдык аймагындагы мектептерде 4405 окуучу билим алат.

 

Мектепке чейинки билим берүү: Учурда « Данияр Нур» атындагы балдар бакчасында 214 бала тарбияланууда 108 бала бала бакчага кирүү үчүн кезекте турат. Дайыма иштеген эмгек жааматынын саны 37 адамды түзөт. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларда бирайга бир балага төлөнүүчү крсөткүчтөр. Адыр айылындагы бала-бакча 800 сомдон төлөшөт,Айдан плюс 1200,Санта-Эне ,Данияр Нур бакчаларында -1000сомдон кенже тайпа 1000 сомдон төлөшөт.2022-жылга жергиликтүү бюджеттен 350,000сом тамак-ашка бөлүнгөн.Кошумча көмөкчү чарба уюштурулган.

 

Жаңы бала бакча корпусу

 

 

Мектепке чейинки билим берүүдө шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар:

№

Мектепке чейинки билим берүүдө шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар:

2021

2022

Динамика +\-

сом

саны

сом

саны

сом

саны

1

Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга кошушча жардам көрсөтүү

 

13,5

 

6

 

11,25

 

5

 

-2250

 

-1

2.

Мектепке чейинки билим алууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча чаралар

Тамак-ашка болгон төлөм көбөйтүлдү.

 

 

675,0

 

125

 

800,0

 

125

 

+125,0

 

0

 

 

 

 

 

 

 

 

3

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын пандус жасалган. Кошумча шарттар жок.

-

 

 

 

-

 

 

-

 

-

 

 

 

бала

кыз

бала

кыз

бала

кыз

4

Мектепке чейинки билим алуу менен камсыз болбогондордун саны

 

82

 

98

 

95

 

93

 

 

+13

 

-5

 

Мектепке чейинки билим берүү маселесине байланышкан көйгөйлөр:

ü  Бала бакчанын эски имаратынын жараксыздыгы, балдар үчүн кооптуу абалда;

 

ü  Ички даараткана жок, көмүр отуну аркылуу от жагып жылытылат;

 

ü  Балдар ойной турган оюнчуктардын жетишсиздиги жана оюн аянтчасынын начардыгы.

 

ü  100 орундуу жаңы кошумча корпуска ток берүүчү генератор шайманы жоктугу.

 

ü  Ай сайын балдар үчүн төлөөчү төлөмдүн убагында чогулбагандыгы;

 

ü  Кыш мезгилине дене тарбия сабагы үчүн жабык кичи спорт аянтчасынын жоктугу;

 

ü  Тамак-аш сактоочу жайдын талапка жооп бербегендиги;

 

ü  Инвентарлардын жетишсиздиг (Компьютер,принтер,проектор,магнит доска ж.б);

 

3.8.  Социалдык коргоо

Мырза-аке айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 77 бала. 42 эркек, 35 аял. (0-18жашка чейин-29, алардын 15 эркек, 14 кыз). Статистика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 8% кыскарды.

Аймакта оор турмуштук кырдаалда жашаган балдардын саны-7. Жакырчылыкта жашаган балдардын саны 51 үй бүлөө деп эсептелди.

2021-жылы ар бир кожолуктарды изилдөө иштери жүргүзүлгөндө, аймак боюнча 6 баланын ата-энеси миграцияда экендиги аныкталды. Бул балдар учурда туугандарынын колунда тарбияланууда. Азыркы мезгилде атайын иштелип чыккан графиктин негизинде үйлөрүнө барып байкоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө көмүр алууга жана жана балдарына ар кандай майрамда колдоо көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп турат.

 

 

4  Программанын максаты

 

Беш жылдан кийин айыл аймагы төмөнкүдөй өзгөрөт: Мырза-аке айыл аймагы экономикасы мал чарбасы, талаачылыкка жана туризмге багытталган, инновациялык ыкмаларды колдонуу менен чакан ишканалар ачылган, жеке ишкерлердин экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүштөрү менен жогорку деңгээлде өнүккөн ички инфраструктурасы күчтүү айылдардын сап башында болуп, жергиликтүү жамаат өнүккөн өлкөдө замандын талабына ылайык өкүм сүрмөкчү.

Социалдык-коммуналдык инфратүзүм оңолот, айыл аймак жалпы тургундар, анын ичинде балдар, кыздар, жалгыз бой энелер, кары адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн баардык шарты бар, жашоого ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз айылдык аймакка айланат. Кенже курактагы балдарды тарбиялоого ата-энелер активдүү катышат.

Таза суу жана коммуникация менен камсыз болгон, билим берүү, маданият, спорт, саламаттыкты сактоодо көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жакшырган, санитардык жактан таза, көрктөндүрүлгөн, жашылдандырылган, ички жолдору жана көпүрөлөрү калыбына келтирилген, көчөлөргө түнкү жарыктар орнотулган айыл аймак болот.

 

5  МЫРЗА-АКЕ айыл аймагынын артыкчылыктуу багыттары

 

1.  Пландоо, башкаруу жана администрациялоо

2.  Экономикалык маселелер

3.  Айлана чөйрөнү коргоо

4.  Коомдук тартип жана коопсуздук

5.  Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

6.  Эс алуу, маданият жана спорт

7.  Билим берүү

8.  Социалдык коргоо

 

1.  Пландоо, башкаруу жана администрациялоо

Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери элге мыкты кызмат кылышы үчүн аларга же- тишерлик деңгээлде шарт түзүп, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык жетекчилигинин имаратын заманбап курулмалар менен жабдуу.

 Айыл өкмөтүндө иштөө шарттарын жакшыртып, кызматкерлердин эл менен алака-катышын күчөтүп, айыл тургундарынын айыл өкмөтүнө болгон ишенимин арттыруу, калк арасында ынтымак мамилелерди камсыз кылуу, гендердик теңчиликти камсыз кылуу. Айымдар менен кыздарга карата жаңжалдарды жана зомбулук тобокелдиктерин болтурбоо максатында айыл аймагынын жана жарандык коомдун иштешүүсүн, ошондой эле кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды күчөтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамына ылайык мониторингди системалуу жүргүзүү керек.

Эмгек шарттарынын жана эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик-сезгич маселелери боюнча кызматкерлердин укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу. Муниципалдык кызмат орундарында гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу максатында бир жыныстагы адамдар 70% ашык эмес болушун камсыз кылуу.

Айылдык кенештин ишин жакшыртуу боюнча жергиликтүү кеңештин дараметин жогорулатуу, аял депутаттарды кошкондо. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана муниципалдык кызматчылардын жүрүм-турумунун моралдык-этикалык ченемдерин киргизүү боюнча аракеттер көрүлөт.

Муниципалдык менчиктеги мүлктөр айылдык кеӊеш тарабынан тескелип, айыл өкмөтү тарабынан башкарылат жана багытына жараша элге кызмат көрсөтүп, пайда алып келиши керек. Ошондуктан бул мүлктү жана ички башка ресурстарды эффективдүү пайдалануу жергиликтүү өнүгүүнүн маанилүү бир багыты катары каралат. Андан сырткары муниципалдык менчик боюнча маалыматтар таркатылып, калктын бардык катмарынын маалымуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталат. Муниципалдык менчиктеги аренда жерлерди дагы тактап тактоолорду киргизип, инвентаризация жүргүзүлөт.

Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көтөрүү боюнча да иш аракеттер жасалат. Жергиликтүү бюджетти башкаруудагы ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча коомдук угуулар өткөрүлүп, жарандык бюджет жарыяланат. Натыйжасында калктын бардык катмары, жаштарды, аялдарды жана аяр катмарларды кошкондо бюджеттик процесске катыша алат.

Максат: Мырза-Аке айыл аймагынын ЖӨБ органдарынын тургундарга кызмат көрсөтүшүнүн сапатын жогорулатуу.

Милдеттер:

1.    Мырза-Аке айыл аймагынын 60 %га жакын жарандарын, анын ичинде 20% аялдарды, 20% жаштарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруу.

2.    ЖӨБ органдарынын калкка кызмат көрсөтүүсүнө шарт түзүү. (Муниципалдык менчикти эффективдүү башкарууну камсыз кылуу. АӨ кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын дараметин жогорулатуу).

3.    Ресурстарды башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 10 %га жогорулатуу.

4.    Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалымдуулугун жогорулатуу. Калкты, анын ичинде аялдарды, балдарды, кыздарды теңчиликти камсыз кылууга үндөө. Зордук-зомбулукту алдына алуу жана жергиликтүү комитеттердин ишине көмөк көмөк көрсөтүү

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр:

 60% га жакын жарандар, анын ичинде 20% аялдар, 20% жаштар ЖӨБгө катышат. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, анын ичинде кенже курактагы балдарды тарбиялоодо ата-эненин катышуусун жакшыртуу боюнча жылына 1 ден кем эмес демилгелер колдоого алынат. Айыл тургундарынын тейлөө кызматынан пайдалануусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Жылына 1 ден кем эмес окутуулар болот. Катышуучулардын саны 15 ден кем эмес, анын ичинен 20% аялдар, 20% жаштар. Иш алып баруулардын бардыгы электрондук форматта жүргүзүлөт, тургундардын убарачылыктары жоюлат. Калкка болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты 20% га жогорулайт. Кызматкерлер жана жумушчулардын ишмердүүлүгү жогорулайт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 10 %га өсөт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жерге муктаж жаш үй-бүлөөлөргө там салганга жер тилкелерин бөлүп берүү иши жолго коюлат. Мырза-Аке айыл аймагынын муниципалдык менчиктеринин эффективдүү пайдалануу боюнча планы иштелип чыгат жана жерлер инвентаризацияланып такталып, мыйзамдуулугу кайра каралып чыгат. 70 % АӨ кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын дараметин жогорулайт. Ар бир адис, өзүнүн кесиптигине ылайык, билим дараметин жогорулатуу максатында окуулардан өткөрүлөт жана сертификаттарга ээ болушат.

Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын, жаштардын маалыматтуулугу жогорулайт. Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалымдуулугу 30% га жогорулатайт. 50 дөн кем эмес адам катышат, анын ичинен аялдар 30% дан кем эмес. Квартал ичинде жергиликтүү комитеттердин дараметин жогорулатуу боюнча иш чаралар айыл өкмөт тарабынан өткөрүлөт. Калктын арасында жылына 2 ден кем эмес зордук зомбулукту алдына алуу, кесепеттери менен иштөө боюнча маалыматтык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү бюджет ачык-айкын болот. Жылына 50 дөн кем эмес киши (30 %дан көбү – аялдар, 20% жаштар) катышкан 2ден кем эмес коомдук угуу, жыйындар өткөрүлөт. Мырза-Аке айылынын генералдык планы иштелип чыгып, жер тилкелери боюнча маалымат такталат. Аймакта туруктуу жашаган жарандарга, алардын ички-тышкы өлкөдө жүрбөсүн, улутуна, рассасына, жынысына, динине карабай өздөрүн “Кыргыз жараны” деп таануусу үй-бүлөдөн, бала-бакчадан, мектептен баштоо жана ар бир жарандын жарандык укуктарынын бирдей экендигин билүүсү боюнча калктын арасында (70%, анын ичинде 30% кем эмес аялдар, 20% жаштар, 10% аяр катмарлар ж.б.) түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

2.  Экономикалык маселелер

 

Мырза-Аке айыл аймагынын экономикасын көтөрүү максатында мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатууга көнүл бурулат. Бул тармакты өнүктүрүү жана жаӊылыктарды киргизүү үчүн биринчи кезекте тургундарга түшүндүрүү жана окутуу, демонстрациялап көргөзүү иштери жүргүзүлүүсү зарыл. Айыл чарба кооперативдеринин чарбачылык кылууда биргелешип аракеттенүүсүнө көнүл бурулат. Андан сырткары жаш фермерлерди үйрөтүүгө жана аяр катмарлардын ичинен мал багууга умтулгандарга колдоо көрсөтүлөт. Жергиликтүү породадагы жана жаңы породадагы койлорду багуунун эффективдүү жолдору жана продуктивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча окутуу-түшүндүрүү иштерин жүргүзүлөт. Ветеринардык көзөмөлдөөнү жакшыртуу каралат жана саан уйларды багуунун жана аларды тоюттандыруу технологиясы боюнча окутуу жана түшүндүрүү иштерин колго алынат. Мындай иш чараларга фермерлердин ичинен жаштардын, аялдардын жана аяр катмарлардын өкүлдөрүн катыштырууга көңүл бурулат.

Талаачылык - Айылга тиешелүү суу баскан жерлердин баарын бош калтырбай айдалышын камсыз кылуу.

Сугаруу же чөптөрдүн уруктарын себүү аркылуу жакынкы жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорлатуу боюнча аракеттерди көрүү. Мырза-Аке айылына тиешелүү айдоо жерлерди суугарчу ирригациялык каналдардын картасын түзүп чыгуу жана анын көйгөйлүү жерлерин аныктоо. Актурпак каналы,Калпак учаскасында участкаларына келүүчү каналды кайра калыбына келтирүү жана 2 БСР куруу 50-55 га жер аянтын сугат суу менен камсыз кылуу. Социалдык жактан муктаж болгон аярлуу катмардын жашоо сапатын жогурулатууга үчүн айыл тургундарынын аярлуу катмарларга болгон камкордугун жакшыртуу, жетим жесирлерге жана жаш үй бүлөөлөргө чарбачылыгын же жеке ишкерчилигин баштап кетүүгө реалдуу көмөк көрсөтүүчү ортолук фонддорду уюштуруу. Ошондой эле чакан ишканаларды ачуу аркылуу жаӊы жумуш орундарын түзүп, жакырчылыктан, ички жана сырткы миграциянын деӊгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди алып баруу учур талабы. Жеке ишкерчилик кылууну каалаган жаштарга колдоо көрсөтүү. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча аракеттер көрүлөт. Калктын аялуу топтору үчүн жумуш орундарын түзүүгө дем берүү боюнча чаралар да каралат.

Максат: Айыл аймагынын экономикасын, анын ичинде мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү.

Милдеттер:

1.    2023-2025 жылдар аралыгында дыйкан-фермерлерге, анын ичинде аялдарга, жаш фермерлерге асыл-тукум мал чарбаларын уюштурууга көмөк көрсөтүү.

2.    Жайыттарды деградацияга учуратпоо боюнча алдын ала чараларды көрүү.

3.    Жашылча өстүрүү боюнча дыйкандарга, анын ичинде аялдарга, аяр катмарларга жана айыл тургундарына көмөк көрсөтүү.

4.    Ирригациялык системаны жакшыртууга, суу жетпеген жана кайрак жерлерди өздөштүрүүгө көмөктөшүү.

5.    Айыл тургундарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, аяр катмарлардын насыя алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү.

6.    Аялдардын ишкердик менен алектенүүсүнө көмөктөшүү, жергиликтүү ресурстарды жана жаңы технологияларды пайдалануу менен айыл тургундары өндүргөн продукцияларды сатууга жардам көрсөтүү үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан бизнес коомчулугу менен кызматташууну уюштуруу.

7.    Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр:

Фермерлер жана айыл тургундары мал чарбачылыгынын сапатын жакшыртуу боюнча 30% фермер маалымдуу болушту, анын ичинен 10% кем эмес аялдар жана жаштар. Жылына 2 ден кем эмес окутуу-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 30% фермер маалымдуу болушту, анын ичинен 10% кем эмес аялдар жана жаштар. Малдардын оорусу 30%га азаят. Жашоочулардын жашоо турмушу жакшырып, кошумча киреше алып келет. Малды убагы менен вакцинация иштерин жүргүзүүгө калк, анын ичинде аяр катмарлар тартылат . Малдын жугуштуу оорулары алдын алынат. Кара -Шоро өрөөнүнө 1 купка курулат. Саан уйлар үчүн чыктуу тоют даярдоо боюнча түшүндүрүү жана окутуу иштерин жүргүзүлдү. 30% фермер маалымдуу болушту, анын ичинен 10% кем эмес аялдар, аяр катмарлар жана жаштар. Аялдар, жаштар жана аяр катмарлар үй канатууларын көбөйтүү боюнча маалымат алышты жана 20% кем эмес үй канатууларын өстүрө баштады. Фермерлердин 20% ти асыл тукумдуу урук пайдалана баштайт. Жайыттарды үнөмдүү пайдалануу үчүн алдына ала 2 ден кем эмес иш чаралар болот. Жайытка баруучу 100 км жол жылына оңдоп түзөлөт. Жайыт жерлерине баруу үчүн ат жана техникалар алынат. Малчыларга тоют жеткирүүдө , көчүп конуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жайытты пайдалануу боюнча жылына 1 ден кем эмес чогулуш өтөт, катышуучулардын саны 50 дан кем эмес, анын ичинен 10% дан кем эмес аялдар жана аяр катмарлар

Жылына 10% фермерлер, анын ичинде аялдар, жаштар органикалык жер семирткичтерди колдоно баштайт. Айыл тургундарына которуштуруп айдоону, туура пайдалануу боюнча, сапаттуу үрөөндөрдү жана жер семирткичтерди пайдалануулары боюнча жыйналыштар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айыл чарба фестивалына катышуу үчүн фермерлерге, анын ичинде 10% аялдарга жардам көргөзүлөт.

Фермерлер, анын ичинен 10% аял фермерлер, 10% аяр катмарлар жашылча айдап жашоо деңгээли жакшыра баштайт. Бардык сугат сууларына көзөмөлгө алынып, айыл тургундары кезектешип сугарууга өтөт, суу өтүүчү каналдарга, лотокторго жооптуу адам болот, убагы менен ремонт иштеринен өтүп туратАйыл чарба жерлери 2026-жылга 900 га көбөйөт, сугат суу менен камсыз болуп, сууга болгон муктаждыктар чечилет. Кезектешип суу алуу системасы кирет, ал системага кирүү үчүн аялдардын, жаштардын жана аяр катмарлардын пикири угулат. Айылдын ички арыктар системасынын картасын чийилет жана көйгөйлүү участоктор аныкталат. Айылдын ички арыктары тазаланат, аялдарга, жаштарга, аяр катмарларга талаачылык кылууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. СПАга төгүлүүчү суу төлөмдөрүн чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Төлөмдөрдү бербегендер саны 20%га азаят. Кора-Шоро, Жамантал, Көкторпок участкаларындагы суу жетпей бош жаткан 900 га жер аянттары сугат суу менен камсыз болуп, жер иштетүүлөр жанданат, Айыл чарба өсүмдүктөрүн айдалышы, тургундардын түшүм алуусунун деңгээли жогорулайт. Айыл тургундарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, аяр катмарлардын финансылык сабаттуулук боюнча маалымдуулугу жогорулайт. Кредиттик агенттигинин кредит беруу боюнча маалыматтары айыл тургундарына, анын ичинен аялдарга жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат кампанияларын өткөрүлөт. Аялдардын ишкердик кылуусуна шарттар түзүлөт. Ишкерлер менен жолугушуулар жана тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштурулат. Жумушчу орундар түзүлөт, тургундардын жашоо деңгээли жогорулайт. 1 кол өнөрчүлүк борборун уюштурууга жана көргөзмөлөргө катышуусуна көмөк көрсөтүлөт. Ишкер айымдарга муниципалдык менчикте турган имараттарга жетүүсү камсыз кылынат, маалыматтар таркатылат.

 

3.Айлана-чөйрөнү коргоо, ден-соолук

 

Айыл аймагында сейил бактарды, көчөлөрдүн жээктерин жашыл бак-дарактар, гүлдөр менен кооздоп, көрктөндүрүү иштерине жана жаратылышты коргоого көңүл бурулат.

Эл арасында жугуштуу оорулардан алды алынат жана ооругандардын саны 10 %га азаят. Айылдык ден соолук комитетинин ишин жандандыруу, потенциалын жогорулатуу жана жылдык план иштеп чыгып , элдин ден соолугун жакшыртуу боюнча иш чараларды уюштуруу.

Максат: Айлана-чөйрөнү коргоону жакшыртуу.

Милдеттер:

1.    Жаратылышты коргоо.

2.    Коомдук жерлерди жашылдандыруу жана ирригация тутумун оңдоо.

3.    Калктын ден-соолугун чыңдоого көмөктөшүү. Жугуштуу оорулардан алдын алууга өбөлгө түзүү.

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр:

     Айыл тургундарынын 50%, анын ичинен 30% аялдар, 20% жаштар, 10% аяр катмарлар жаратылышты коргоо боюнча маалымдуу болуп, жаратылышка зыян келбей калды. Жаратылышты коргоого чакырган такча орнотулат. Жаратылышка зыян келтирүү боюнча кылмыштар азаят. Жаратылышты коргоо боюнча атайын роликтер тартылат жана социалдык медиада таркатылат. Элдин ден соолугун жакшыртуу боюнча иш чаралар өткөрүлөт. Катышууулар жылына 50 дөн кем эмес, анын ичинен 30% аялдар, 20% жаштар, 10% аяр катмардын өкүлдөрү. Тамеки, насвай жана аракечтикке каршы алдын алуу иш чаралары өткөрүлөт. Катышуучулардын саны 100 жаш бала. Жылына 2 ден кем эмес жугуштуу оорулардын алдына алууга карата иш чара өткөрүлөт, катышуучулардын 20 % аяр катмардын өкүлү. Айылдык аймактын борбордук көчөлөрү жана эс алуучу жайларына көп жылдык 1500 бак-дарактар отургузулат. Калктын (4307 адам), анын ичинен аялдарга ( аял 2121), коомдук жерлерде болуусуна шарт түзүлөт. Айылдагы соц. объектилерге, ички көчөлөргө ар кандай көчөттөр жана декаративдүү арча карагайлар отургузулуп, айылга көрк берет аны менен бирге аба тазаланып турат. Айылдык аймактын борбордук көчөлөрү жана эс алуучу жайларына бир жылдык кооз 300 даана гүлдөр отургузулуп, айлана көрккө келет. Ушул күнгө чейин көрктөндүрүлүп келген жайлардын абалы туруктуу сакталат. Жылына ден кем эмес ишембиликтер өткөрүлөт, катышкандардын саны жылына 50 дөн кем эмес адам (анын ичинен 30% кем эмес аялдар же эркектер, жаштар, аяр катмарлар ж.б.)

 

4. Коомдук тартип жана коопсуздук

 

Калк арасында жана билим берүү мекемелеринде коопсуздук эрежелери тууралуу тиешелүү адистердин катышуусунда көптөгөн угууларды, окууларды жана тажрыйбаларды уюштуруп, элдин коопсуздугун сактоо иштерин жолго коёбуз.

Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол эрежелерин түшүндүрүү иштери жүр- гүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча ар түрдүү кырсыктардан мамлекеттик камсыздандыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн мекемелер өрт өчүрүүчү заманбап шаймандар менен камсыздалат. Окуучулар арасында өрт болгон учурда кандай чараларды көрүү жана өрт учурунда мектептен чыгуу жолдору боюнча машыгуулар жүрүп турат. Сел жүрүү, жер титирөө, өрт жана башка ушул сыяктуу кырсыктардан алдын-алуу үчүн иш-чараларды өткөрүлөт.

 

Максат: Мырза-Аке айыл аймагынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү, ынтымак мамилелерди камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо.

 

Милдеттер:

  1.  Коомдук тартип жана коопсуздукту сактоого көмөктөшүү.

  2.  Жаштардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү.

  3.  Өзгөчө кырдаалдар боюнча калктын маалыматтуулугун камсыз кылуу.

  4.  Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан жарандарга,   аялдарга жана балдарга шашылыш жана кечиктирилгис жардам берүүгө көмөктөшүү.

 

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр: 40% элге коомдук тартип жана коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Катышуучулардын 30%нан кем эмеси (аялдар, кыздар), 20% жаштар, 10% аяр катмарлар. Жаштар кылмыштуулук боюнча маалымат алышат жана кылмыштуулуктун саны 1% азаят. Жолбун иттер атылып, элдин коопсуздугу каралат. Калктын, анын ичинен аялдардын өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча маалымдуулугу 20% га жогорулайт. Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан жарандар бекер тамак-аш продуктулары жана дары дармектер менен камсыз болуп турушат. Жардам алуучулардын 30% кем эмеси аялдар же кыздар, аяр катмарлар болот.

 

5.Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

 

Социалдык-экономикалык жактан өнүгүүдөгү негизги көңүл бурулуучу тармак бул ички жол каттамдарын, калкты таза суу менен камсыздоону, таштандыны чогултуп жана чыгарууну жакшыртуу болуп калмакчы. Жаңы түшкөн конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча келечекте бир топ иштерди аткаруу зарылчылыгы бар. Айрыкча айылдардын ички жолдорун калыбына келтирүү шарт.. Кеңейген жолдордун четине тротуарлар курулуп, элдин жана транспорт каражаттарынын жүрүшүнө шарт түзүлөт. Таштандыга болгон төлөмдү убагында төлөтүү боюнча түшүндүрүү иштеринин негизинде жумуштар уланат.

Максат:Мырза-Аке айыл аймагынын жарандарына жашоого ыңгайлуу жана жагымдуу шарт түзүү.

Милдеттер:

1.    Мырза-Аке айыл аймагындагы 4400 м ички жолдордун абалын жакшыртуу.

2.    Айыл тургундарынын 100% таза суу менен камсыз кылууга жетишүү;

3.    Таштандыны чогултуп жана чыгарууну уюштуруу.

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр:

 Мырза-Аке ,А.Айткулов,С.Ташболотов, К.Жоробеков көчөлөрүнө барган ички жолунун 4000м аралыгы шагыл төгүлөт жана оңдолот, көчөлөрүнүн тургундарынын басып жүрүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ички көчөлөргө суу өтүүчү түтүкчөлөр орнотулат. Таза сууну үнөмдүү пайланууга шарт түзүлөт, жана акча каражаты канча төлөөрү так көрсөтүлөт. Айылда 1 жолу суу төлөмдөрүн өз убагында төлөө боюнча чогулуш өткөрүлүп төлөмдөр өз убагында жүргүзүлөт. Жылына катышуучулардын саны 50 дөн кем эмес, анын ичинен 30% аялдар, 20% жаштар, 10% аяр катмарлар түзөт. Айылда 1 жолу таза сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча чогулуш өткөрүлүп, сууну үнөмдүү пайдалануу жолго коюлат. Жылына катышуучулардын саны 50 дөн кем эмес, анын ичинен 30% аялдар, 20% жаштар, 10% аяр катмарлар түзөт. Айыл тургундарынын 50% жашоочулары, анын ичинде аялдар, жаштар, аяр катмарлар таштандыларды латокко, коомдук жерлерге таштабоо боюнча маалымдуу болуп, таштанды ыргытпай калды. График менен таштанды чогултуу уюштурулду. Аяр катмарлуу үй-бүлөөлөргө жергиликтүү бюджеттен тарифти төлөө боюнча субсидия каралат. Айыл тургундарынын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, аяр катмарлардын катышуусу менен тазалык ишембиликтери өткөрүлөт, жылына 2 жолудан кем эмес.

 

6. Эс алуу, маданият жана спорт

 

Калктын маданий деңгээлин жогорулатуу жана бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүү. Ал максатта клубдун материалдык-техникалык базасы жакшыртылат. Даталуу күндөргө карата өткөрүлүүчу массалык маданий иш чаралар өткөрүлөт жана ага калктына бардык катмары, өзгөчө аяр катмарлар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, аялдардын жана жаштардын катышуусуна көңүл бурулат. Элдин ким, кандай экендигин анын маданияты айкындайт деген кеп бекеринен айтылган эмес. Айылдык аймакта бакубат жашоо бул спорт менен машыгуу образын калыптандыруу болуп саналат. Спорт жайларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ар түрдүү спорттук иш-чараларды, сынактарды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Аллеяларды куруу, эс алуу багын кайрадан оӊдоп-түзөп, ар кандай балдар ойногудай аттракциондорду куруу замандын талабы болуп саналат.

Максат: Калктын маданий деңгээлин жогорулатуу, ынтымакты бекемдөө, теңчиликти камсыз кылуу жана бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүү.

 

Милдеттер:

1.  Калкты маданий иш-чараларга тартуу үчүн клубдун материалдык жана техникалык базасын чындоо.

2.  Балдар жана кыздар арасында көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү.

3.  Спорт менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу. Балдарды жана жаштарды, анын ичинде кыздарды сергек жашоого үндөө.

4.  Эс алуучу жайлардын шарттын жакшыртуу. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн шарт түзүү.

7.   Китепканалардын шартарын жакшыртуу аркылуу, китепкөйлөрдүн санын арттыруу.

 

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр: Маданият үйүнүн материалдык жана техникалык базасы чындалат. Маданий иш чараларды өтүүгө шарттар түзүлөт. Айылдар арасында даталуу күндөргө карата жылына 6 дан кем эмес иш чаралар өткөрүлөт. Катышуучулардын саны жылына 300 дөн кем эмес (анын ичинен эркектер адам 80; аялдар 62адам; жаштар 142 адам; кыздар 57адам; балдар 85 адам). Атайын кружоктор уюштурулат. Айылда спорт тармагы өнүгөт, айылды мыкты спортчулар көбөйөт. Айыл тургундарынын ден-соолугу жакшырып, жаман ден соолука зыян нерселерден арылат. Спорттук мелдештердин жана иш чаралардын графиги бекилет.

Спорттун түрлөрү боюнча спорттук секциялар уюштурулат жана ага аяр катмарлардын балдарын катыштырууга жеңилдиктер каралат. Спорттук иш чаралар өткөрүлөт. Катышуучулардын саны 100 дөн кем эмес, анын ичинде кыздардын саны 30%.

200дөй жаштар убактысын туура пайдаланат. Ден-соолугу чың болот. 60дай кыздар спорттук оюндарга жана сергек жашоого тартыла баштайт. Кыздар жана келиндер үчүн фитнес (бий) борборун ачуу жана инвентарларды алуу. Жылына фитнес менен машыгуучу кыздардын саны 150дөй болот. Кенже курактагы балдар ойноо аянтчасы уюштурулат. 87 бала жана 66 кызга ойноо үчүн шарт түзүлөт.. Айылдык китепкананын китеп фондусу көбөйөт.

 

7. Билим берүү

 

Билим берүү тармагында заманбап технологияларды колдонуу менен сапаттуу билим алууга шарт түзүү жана балдардын билим деңгээлин жогорулатуу керек.

Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында иш жүргүзүлөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин шарты жетиштүү эмес. Айыл аймак боюнча балдардын болгону 35-38 %ы гана бала бакчаларга барат.

 

Максат: Сапаттуу билим алууга шарт түзүү. Балдардын дагы 20 %ын мектепке чейинки билим менен камсыз кылуу.

 

Милдеттер:

1.    Мектеп окуучуларынын таалим-тарбия алышы үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн анын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу.

2.    Мектепке чейинки өспүрүм балдардын таалим-тарбия алышы үчүн бул мекемелердин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу.

3.    180 баланы мектепке чейинки билим менен камсыз кылуу

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр:

Мектеп имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлөтЖаш мугалимдерге колдоо көрсөтүлөт. Балдардын окууга, кароо сынактарга, спорттук мелдештерге болгон кызыгуулары жогорулап, жакшы көрсөткүчтөргө жетишет. Мугалимдерге стимул берүүчү ар кандай сынактар уюштурулат. Бала бакчалардын балдар ойноочу аянтчаларына балдар үчүн ынгайлуу шарттар түзүлөт. Бала бакчага орг.техника алынат. 180 бала мектепке чейинки билим менен камсыз болот.

 

8. Элди социалдык жактан коргоо, ДМЧ адамдарды коомго аралаштыруу

 

Айыл аймагыбызда социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – калктын турмуш-тиричилигин жакшыртуу болуп эсептелет. Жакырчылык менен күрөшүү үчүн багытталган кеңири масштабдагы комплекстүү жумуштар калкты социалдык мобилизациялоо, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарды тартуу аркылуу аткарылат.

Атайын үй шартында билим берүүчү мугалимдерди жалдап, ДМЧ балдардын билим алуусуна шарт түзүү максатында иш-чаралар уюштурулат. Калктын аялуу катмары, өзгөчө аялдар тууралуу маалымат топтолуп, тиешелүү уюмдар менен кызматташуу аркылуу жумуш орундары түзүлөт. Жумушсуздар жумуш менен камсыз болот. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана катуу ооруп жаткан кишилерге материалдык жактан жардам көрсөтүлүп, тоголок жетимдерге үй салуу үчүн жер берилет. Өздүгүн тастыктаган документтерди алууга көмөктөшүп, калктын аялуу катмарынын коомго аралашуусуна шарт түзүлөт.

Майыптыгы бар адамдардын үй-бүлөөлүк шартын жана ден-соолугун көзөмөлдөп туруу. Ички жана тышкы миграцияда жүргөн тургундардын балдарынан кабар алып туруу. Окуучулар жана үй-бүлөө арасында зордук зомбулук болтурбоо максатында соц. мугалим, социалдык кызматкер жана ИИМ менен тыгыз иш алып баруу.

 

Максат: 2023-2025-жылга чейин аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон үй-бүлөлөрдү жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) адамдарды коомго аралаштырууга көмөктөшүү жана ыңгайлашуусуна шарт түзүү.

Милдеттер:

1.    ДМЧ балдардын билим алуусуна көмөктөшүү.

2.    Калктын аяр катмарларынынын коомго кошулушуна шарт түзүү.

3.    Калктын аялуу катмарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомчулуктун жана мамлекеттик бийлик органдарынын көңүлүн буруу.

Күтүлүүчү жыйынтыктар/көрсөткүчтөр:

 

ДМЧ балдарга жеринде сабак берилет. Жакырчылыктан чыгуу үчүн атайын жыл сайын 1 план иштеп чыгылат жана аткарылат. Жакырчылык 4% га жылына азаят. Тобокел топко кирген балдарды коомго аралаштыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгылат жана аткарылат. Жылына аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жана катуу оорулуу адамдарга материалдык жардам берилет. Сыртка чыккан мигранттардын балдары менен иштешүүнүн комплекстик иш-чаралары иштеп чыгылат жана ар бир үй бүлөнүн балдарына кылдат байкоо жүргүзүлүп турат. Эсепте турган мигранттардын балдарына туруктуу мониторинг жасап туруу жана жыйынтыгы боюнча отчетту тиешелүү мамлекеттик органга берилет. Мигранттардын балдары, камкоорчулар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. АӨ социалдык маселелер боюнча адистери, мектеп директорлору жана үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси менен бирдикте баланын укуктары жөнүндө маалымат стенддерди иштеп чыгылат жана жайгаштырылат.