Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын XXV кезексиз сессиясы

2023-жылдын 7-августу № 167

Ижарага алынган жерлердин ижара акысын жогорулатууга макулдук берүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ижарага алынган жерлердин ижара акысын акча каражаты инфляция болгондуктан жогорулатууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Д.Батаевге милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төрайымдын орун басары Р.Эсенбаевге жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева