Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 32
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин эффективдүү пайдалуу жөнүндө
Айылдык кеңештин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №11-токтому менен бекитилген айылдык кеңештин иш планына, айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 14-пунктунун негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин берүү боюнча Жер комиссиясы:
– 2024-жылдын 4-кварталына чейин айылдын аймагында жашап жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга 5% кем эмес айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлери аныкталсын.
– айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга берүү боюнча жобосун иштеп чыксын.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспорту бар болсо жана бир үй-бүлөгө үлүш жери 2 (эки) гектардан ашык болбосо айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлери берилет деп аныкталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |