Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 33
Жалпы аянты 3,48 га түзгөн Садовое айылынын Полевая көчөсү №0011/1, Полевая көчөсү №0011/2 дарегиндеги “Эмгек жана эс алуу” Лагеринин жер участкасын “чабандын үйү менен кошара” максаттык багытына өзгөртүү жөнүндө
Айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.А.Анисимовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин агардык-жер маселелери, сугат суусу, жайыттар жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-майындагы протоколуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө жалпы аянты 3,48 га түзгөн Садовое айылынын Полевая көчөсү №0011/1, Полевая көчөсү №0011/2 дарегиндеги “Эмгек жана эс алуу” Лагеринин жер участкасын “чабандын үйү менен кошара” максаттык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү жер участкасынын максаттык багытын өзгөртүү боюнча керектүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |