МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын XXVI кезектүү сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 170
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жөнүндө
Айылдык кеңеш мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына жана Элдик курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2023 –жылдын 6-сентябрындагы “ Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруулучу аракеттердин “ТҮШҮНДҮРМӨГӨ” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу 2023 - жылдын 18-ноябрына саат 10:00гө чакырылсын.
2.Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу курамы калктын санына ылайык 150 (бир жүз элүү)делегаттан адам келери белгиленсин.
3.Жергиликтүү жамааттар арасында өкүлчүлүктү шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 26-октябрга чейин график ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 9 (тогуз ) адамдан бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.Жороева |
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүн жыйын өткөрүү боюнча жумушчу
комиссиясынын курамы.
1. Жороева Гүлкан –Мырза-Аке А/К төрайымы –комиссиянын төрайымы
2. Мамытова Айсулуу- А/К катчысы – жумушчу комиссиянын катчысы
3. Исираилова Жылдыз – А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
4. Апарханов Медер – А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
5. Жолуев Амантур- А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
6. Эсенбаев Рустам – А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
7. Калбаева Гулзина- А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
8. Бообеков Асылбек – А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
9. Эргешев Жеңиш- А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү