Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-январындагы № 8
“Айыл чарба багытындагы кунарсыз жерлерди тактоо жөнүндө”
Айы өмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кунарсыз жерлерди тактоо үчүн Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ал-Көйнөк участасындагы айыл чарба багытындагы жерлерди,Көк-Булак участкасындагы кунарсыз жерлерди жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы иштетилбей турган ишканалардын имараттары такталсын.
2. Кыз-Көл,Кашка-Терек айылдарындагы жолдордун жээктерин жана Жаңы-Айыл участкасындагы сугат суу өтүүчү куурларды мыйзамсыз тосуп алган кашалар алдырылсын.
3. Карамарт айылынын тургуну Турдалиев Толукбайдын 3-05-06-1006-0407 сыр белгиси менен катталган 3597,95 жеке менчик жер участкасынан 0,15га жер аянты өз калоосу менен бала бакча куруу үчүн бергендигине байланыштуу муниципалдык менчикке алынсын.
4. Жогоруудагыларды тактоо жана аткаруу жагы тешелүү адистер менен биргеликте айыл өкмөтүнүн орун басары С.Абдурасуловко милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
7. Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Т.Кушбаков |