Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезектеги X сессиясынын

 

2023-жылдын 27-январындагы № 1

 

“Типтүү билим берүү мекемесин куруу жөнүндө”

Кашка-Терек айылындагы № 37 А.Мамбетаипов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби эскилиги жетип кооптуу абалга кептелгендигине байланыштуу жаңы типтүү мектеп куруу үчүн жер янтын ажыратып берүү жөнүндө Кыз-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кашк-Терек айылына типтүү жаңы мектеп куруу үчүн № 3455,3456,3457,3465 контурларындагы айыл чарба багытындагы жер аянтынан жалпы 2,4га жер аянты курулуш астындагы жерлер багытына которулуп берилсин.

 

2. Керектелүүчү тешелүү иш кагаздарын даярдоо жана котору иштерин трасформациялоо ишке ашыруу жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.

 

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

7. Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

К.Т.Кушбаков