Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №2
«Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардык мэриянын отчету».
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэри К.Бектемировдун отчетун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезектеги 29 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэри К.Бектемировдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |