Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 35
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБОНУ бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Ясыровдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү ЖОБОсуна, айылдык кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-июнундагы проколуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко бекитилген Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону жетекчиликке жана аткарууга алуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Ясыровко жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |