Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №5
«Таш-Көмүр шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу Таш-Көмүр шаардык маданият бөлүмүнүн маалыматы».
Таш-Көмүр шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу шаардык маданият бөлүмүнүн директорунун милдетин убактылуу аткаруучу К.Мадалиеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезектеги 29 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу шаардык маданият бөлүмүнүн директорунун милдетин убактылуу аткаруучу К.Мадалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |