Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын XXVI кезектүү сессиясы

2023-жылдын 29-сентябры № 174

Мырза-Аке айыл аймагында ишке ашырылуучу “ Адыр айылында тигүү цехин куруу” бизнес –долбоорун айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө

Мырза-Аке айыл аймагынын АКИАсынын аткаруу комитетинин төрагасы Мырза-Аке айылында АРИСтин “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000” Долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан Адыр айылында тигүү цехин куруу бизнес –долбоорун Мырза- Аке айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүү планына (СЭОП) киргизүү тууралуу өтүнүч каты менен таанышып,карап чыгып Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Мырза-Аке айыл аймагынын Адыр айылында АРИСтин “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Адыр айылында тигүү цехин куруу” бизнес –долбоору Мырза-Аке айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүү планына (СЭОП) киргизилсин.

 

2. Мырза-Аке айыл аймагынын 2022-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева