Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын XXVI кезектүү сессиясы

2023-жылдын 29-сентябры № 175

Мырза-Аке айылындагы “Ислам ” МЧББУ нун директору Беркбаева Заринанын арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мырза-Аке айылындагы “ Ислам ” МЧББУга кошумча 20 орундуу , бир кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева