Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №7
«Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын отчету».
Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Маданбековдун отчетун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезектеги 29 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Маданбековдун отчету канааттандарарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |