КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2023-жылдын 05-июлундагы № 6
Көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Чат айылына караштуу Чоң-Таш кичи айылынын башталышынан түштүктү карай негизги жолго (көчөгө) Жалгыз-Өрүк кичи айылына чейинки аралыкка согуштун ардагери, маркум Өмүралиев Жакандын ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Тойчубаевге милдеттендирилсин.
Төрага: |
| У. Жунусалиев |