Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №8
«Шаардын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу».
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 16.08.2024-жылдагы, 26.08.2024-жылдагы жана 28.08.2024-жылдагы, “Шаардын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-21/2532, №01-21/2434, №01-21/2565, №01-21/2564, 01-21/2581, №01-21/2582 жана №01-21/2583 кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 16.08.2024-жылдагы, 26.08.2024-жылдагы жана 28.08.2024-жылдагы, “Шаардын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-21/2532, №01-21/2434, №01-21/2565, №01-21/2564, 01-21/2581, №01-21/2582 жана №01-21/2583 кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу” салыгынан түшкөн каражаттардын эсебинен, Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 4500,0 мин сомго көбөйтүлүп, өзгөртүү киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 4500,0 миң сомго өзгөртүү киргизилсин.
4. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2024-жылга бекитилген сметасынан -1911,5 мин сом, шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылга бекитилген сметасынан -8303,7 мин сом, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын 2024-жылга бекитилген сметасынан үнөмдөлгөн -3765,1 мин сом, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-жылга бекитилген сметасынан -7503,2 мин сом жана атайын каражаттардан -5468,6 мин сом, жалпы бюджеттик каражаттардан – 25983,5 мин сом жана атайын каражаттардан – 5468,6 мин сом акча каражаты алынсын.
5. “Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу” салыгына түшкөн каражаттардын эсебинен 4500,0 мин сом, бюджеттик каражаттардан алынган– 25983,5 мин сом жана атайын каражаттардан алынган– 5468,6 мин сом, жалпы – 31452,7 мин сом акча каражаты, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен кыскартылсын.
6. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2024-жылга бекитилген сметасынан 22311300 беренесинен-233,0 мин сом, 2222 беренесинен-14,0 мин сом, жалпы-247,0 мин сом акча каражаты, А.Орункулов боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн шаардык мэриянын 2823 (соттун чечимдерин аткаруу) беренесине которулсун.
7. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылга бекитилген сметасынан 2215 беренесинен – 343,6 мин сом акча каражаты алынып, “Барселона” футбол академиясына которуу үчүн шаардык мэриянын 2215 беренесине которулсун.
8. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылга бекитилген сметасынан 2215 беренесинен – 944,5 мин сом акча каражаты алынып, LED экран сатып алуу үчүн шаардык мэриянын 3112 беренесине которулсун.
9. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык депутаттар Кенешинин кадрларды эсепке алуу боюнча инспектор – архивариусуна - 7000 (жети мин) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.
1. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
2. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |