Сравнение редакций…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 36
Миң-Булак айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн тариф бекитүү жөнүндө
“Таза Булак” муниципалдык ишканасынын директору Р.М.Шамузанын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, чакан жыйындардагы элдин пикирин эске алып (Беш-Көрүк, Александровка, Крпуское айылдарындагы 2024-жылдын 27-майында өткөн чакан жыйын, Сретенка, Большевик айылдарында 2024-жылдын 28-майында, Заря айылында 2024-жылдын 31-майында өткөн чакан жыйын), Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгына ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында мурунку Александровка, Садовое, Сретенка айылдык аймактарындагы “Александровка”, “Таза көчө” муниципалдык ишканалары жоюлуп жана жаңы “Таза Булак” муниципалдык ишканасы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын экологиялык жана санитардык абалын жакшыртуу максатында
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Таштандыларды чыгаруу үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
– Александровка, Беш-Көрүк, Крупское айылдарынын калкы үчүн бир короого айына – 85 (сексен беш) сом.
– Садовое айылынын калкы үчүн бир короого айына – 100 (жүз) сом.
– Сретенка айылынын калкы үчүн бир короого айына – 125 (жүз жыйырма беш) сом.
– Большевик, Заря айылдарынын калкы үчүн бир короого айына – 100 (жүз) сом.
2. Садовое айылдык кеңеши, Александровка айылдык кеңеши таштанды чыгаруу үчүн тарифтер бекитүү боюнча мурун кабыл алган токтомдору жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |

(Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)

1.1 Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөн 100% бошотулсун:
- Александровка айылынын көчө башчылары;
- жалгыз бой жашаган кары адамдар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар биринчи группадагы майыптар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.