Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 36-3
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Жуабай Палван көчөсүнүн тургундарынын жамаатынын 2020-жылдын 21-декабрндагы Беш Тал мечитин имараты жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу,эски имаратын ордуна кайрадан жаңы имарат куруу жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын Жуабай Палван көчөсүндө жайгашкан Беш Тал мечитин имараты 1975-жылдары курулуп азыркы мезгилде имараты жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, айыл тургундарынан төптолгон акча каражатына эски имаратын ордуна кайрадан жаңы имарат куруу жөнүндөгү Жумабай Палван көчөсүнүн тургундарынын отурум протоколун талкуулап айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын Жуабай Палван көчөсүндө жайгашкан Беш Тал мечитин имараты 1975-жылдары курулуп азыркы мезгилде имараты жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, айыл тургундарынан төптолгон акча каражатына эски имаратын ордуна кайрадан жаңы имарат курууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров , айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев жана Чапаев айылынын айыл башчысы Ё.Исмаиловторго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |