ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №9
«Шаардык мэриянын 26.08.2024-жылдагы «Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон калькуляцияны бекитип берүү тууралуу” № 01-14/2525 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 26.08.2024-жылдагы «Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон калькуляцияны бекитип берүү тууралуу” № 01-14/2525 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 29– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 26.08.2024-жылдагы «Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон калькуляцияны бекитип берүү тууралуу” № 01-14/2525 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиялануучулардын тамак-ашын каржылоо үчүн ата-энелердин төлөмдөрү 1 (бир) балага 1 (бир) айга х 1460 (бир мин төрт жүз алтымыш) сом өлчөмүндө көбөйтүлүп бекитилсин.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |