МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын XXVII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 178
Өзгөн өнүктүрүү фондунун акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 3 000,0 сом акча каражаты төмөнкү тармакка жумшалсын.
1) Мырза –Аке Тазалык ишканасына мусоровоз алууга – 3000 ,0 сом
2.Токтомдун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Жороева |