Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №11
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу».
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу маселе боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы жана депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
/Жобо тиркелет/
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |
БЕКИТИЛДИ Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХХ чакырылышынын 29.08.2024-жылдын кезектеги 29-сессиясынын №11-токтому менен бекитилди |
Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципиалдык менчик департаментинин жобосу
I. Жалпы жоболор
II. Мекеменин милдеттери жана функциялары
III. Муниципалдык менчик департаментинин укуктары
IV. Муниципалдык менчик департаментинин функциялары жана милдеттери
V. Каржылоонун булактары
VI. Муниципалдык менчик департаменттин башкаруу жана түзүмү
VII. Муниципалдык менчик департаментин реорганизациялоо (кайра түзүү), жоюу
VIII. Таш-Көмүр шаарынын аймактык башкармалыктары
IX. Таш-Көмүр шаарынын башкармалыктарынын Жобосу
1.1. Муниципалдык менчик департаменти өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйрук жана тескемелеринин, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын, шаардык депутаттар Кеңешинин буйруктарынын жана токтомдорунун жана типтүү Жобонун негизинде жүргүзөт.
1.2. Муниципалдык менчик департаменти юридикалык жак болуп эсептелет, мекеме катары төмөнкүлөргө ээ:
· өз алдынчалык баланска, банк мекемелеринде эсеп-кысап жана башка эсептерди, аты-жөнү көрсөтүлгөн гербдик мөөргө жана штампка, атрибуткаларга.
1.3. Муниципалдык менчик департаменти түзүлгөн учурдан баштап мүлктүк жана башка укуктарды, милдеттенмелерди алат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде арбитраждык жана элдик соттордо жооп бергич жана доогер катары чыгат, ошондой эле муниципалдык менчик өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэринин алдында жооп берет.
1.4. Муниципалдык менчик департаментинин негиздөөчүсү болуп Таш-Көмүр шаардык мэриясы эсептелет.
1.5. Мекеменин толук аталышы:
Кыргыз тилинде – Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти.
Расмий тилинде – Департамент муниципальной собственности при мэрии г.Таш-Кумыр.
1.6. Муниципалдык менчик департаментинин юридикалык дареги: Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Биринчи май көчөсү №1
Муниципалдык менчик департаментинин негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
2.1. Мэрия тарабынан жүктөлгөн муниципалдык мүлк ээсинин жоопкерчилик функцияларын аткаруу.
2.2. Муниципалдык мүлк объектилерин каржылоого жана балансына алууга, андай объектилерге турак-жай фондунун объектилери, турак-жай эмес фондунун объектилери, социалдык, инженердик инфраструктуралар, ошондой эле мэриянын бардык бөлүмдөрүнүн мүлктөрү кирет.
2.3. Объектилерди эксплуатациялоо жана каржылоо, алардын колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү, эсеп-кысабын чыгаруу жана алардын перспективалык өнүгүшүн камсыз кылуу.
2.4. Шаардык муниципалдык мүлктөрдүн айланасында бирдиктүү техникалык жана экономикалык саясатын киргизүү.
2.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузбаган, калктын каражатынан жана башка тейлөө кызматтарынан, турак-жайларды жана турак-жай эмес жайларды ижарага алгандардын, бюджеттик ассигнациялоодон жана башка булактардан калыптандырылган каржылоо булактарын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу.
III. Муниципалдык менчик департаментинин
укуктары
3.1 Төмөнкү укуктарга ээ
а) Өзүнүн компетенциясынын чектеринде Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Таш-Көмүр шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы Мыйзамдарга ылайык түзүүгө;
б) Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жана шаардык депутаттар Кеңешинин тапшырмасы боюнча мүлктү Таш-Көмүр шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) Муниципалдык менчик департаментинин жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш - чараларды ишке ашырууга;
г) Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу - укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
д) Муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
е) Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик - укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
ж) Өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган Мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын Мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүүгө;
з) Өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер Мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянты бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;
и) Сот органдарында Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жана шаардык депутаттар Кеңешинин кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер Мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого.
й) Таш-Көмүр шаарынын мэриясына жана Таш-Көмүр шаардык Кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү Мыйзамдарында, Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
к) Ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө Мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, объекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө.
л) Ички иштер органдарына жер Мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш - аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.
м) Жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
н) Жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
3.2. Муниципалдык менчик департаменти шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
3.3 Муниципалдык менчик департаменти пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы Мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт
функциялары жана милдеттери
3
4
4.1 Юридикалык жана жеке жактар менен муниципиалдык мүлктү чарбалык ээлик кылуу, оперативдүү башкарууну, колдонуу жана ижарага берүү боюнча келишимдерди түзөт. Муниципиалдык мүлктү (турак-жай эмес жайларды, жер участкаларын, автотранспорт ж.б.) сатууну аукцион аркылуу жүргүзүүнү ишке ашырат.
4.2 Өткөрүлүп берилген менчиктин максаттуу колдонулушун тиешелүү эксплуатациялоону, сактоону көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
4.3 Муниципалдык жер саясаты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
4.4 Муниципалдык мүлк объектилеринин абалын начарлатууга жол берген юридикалык жана жеке жактарга келишимди бузууга чейинки админстрациялык ж.б жоопкерчиликтин санкцияларын колдонот, ошондой эле белгиленген тартипте сот аркылуу келтирилген чыгымды калыбына келтирүү чараларын колдонот.
4.5 Шаардын мэриясынын жана шаардык депутаттар Кенешинин макулдугу менен батирлерди, үйлөрдү, турак–жайларды сатуу–сатып алууларын жүргүзөт. Ички шаардык жана шаар аралык турак – жайларды айыр баштоону, ага тиешелүү айыр баштоо ордерлерин берүүнү, бөлүштүрүүнү, үйлөрдү жана турак – жайларды брондоону, которууну жүргүзөт.
4.6 Муниципалдык менчик объектилерди камсыздоо боюнча аткарылган иштердин өндүргөн продукция, юридикалык жана жеке жактарга көрсөткөн кызматтары, ошондой эле ижара акысын белгилөөнү жана аны корректирлөөнүн тарифтерин жана бааларын бекитүү жана иштеп чыгуу боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет.
4.7 Атаандаштык жана конкурстук негиздерде турак жай фондундагы жайларды бөлүштүрүүнү ишке ашырат, ижаранын келишимдерин түзөт жана ээлеген жайлардан ижара акысын чогултууну жүргүзөт.
4.8 Мэриянын кызматтары жана шаардык мекемелер тарабынан ижарага берилген турак жай эмес жайлардын жана каражаттарды колдонуу боюнча көзөмөлдү ишке ашырат жана эсебин жүргүзөт.
4.9 Мэриянын кароосуна коммуналдык ишканаларды жок кылууусун же кайра профилдөөсүн, аларды инвестирлөө жолу менен экономикалык которууну, муниципиалдык мүлктү башка коммуналдык ишканаларга өткөрүп берүү сунуштарын берет.
4.10 Биргелешкен ишканаларды түзүүгө катышат, мэриянын макулдугу менен мүлкү менен акционердик жана башка коомдордун уставдык фондуна кирет.
4.11 Муниципалдын менчик мүлкүн камсыздандырууну (страхование) ишке ашырат жана турак-жай боюнча бир канча функцияларды аткарат.
4.12 Кондоминиумдарды уюштуруу жана талапка ылайык болушун өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырат.
4.13 Энергетикалык үнөмдөө ресурстарын киргизүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аларды реализациялоону ишке ашырат, программаларды инвестирлөө боюнча заказчы катары чыгат, анын ичинде эл аралык инвестирлөө да кирет.
4.14 Калк тарабынан турак-жай кызматтарга төлөмдөрдүн эсебин жана эсептөөлөрү боюнча уюштурулган иштердин үстүнөн көзөмөлдөөнү ишке ашырат, эсептөөлөрдүн заманбап формаларын киргизүүнү уюштурат.
4.15 Өзүнүн компетенциясынын чегинде турак-жай кызмат көрсөтүү, суу-газ-энергия менен камсыз кылуу, автотранспорттун иштеши боюнча тиешелүү арыздарды, даттанууларды сунуштарды карайт жана алар боюнча чараларды көрөт.
4.16 Керектөөчүлөр жана кызыккан мекемелердин кайрылуусу боюнча пландан сырткары иликтөөлөрдү ишке ашырат.
4.17 Шаардын жалпы пайдалануудагы көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылуу жана шаарды жашылдандыруу, көрктөндөрүү, бак–дарактарды олтургузуу, иретке келтирүү жана санитардык кыюу, бутоо, (авариялык, куураган, ооруган жана бузулган дарактарды жок кылуу, дүмүрлөрүн жулуп салуу) аткарат.
4.18 Шаардын инфраструктурасын турак-жай фондусун курулуш жана имараттарды, автотранспортту, жол тармагын, тротуарларды (светафорлор, жол белгилери, жарнак такталары, белгилер, баннерлер) куруу, оңдоо (жолду жамоо иштери) жана шаардын ичиндеги көчөлөрдүн абалын тиешелүү деңгээлде камсыз кылууну жана эксплуатациялоону ишке ашырат.
4.19 Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаменти шаардык мэриянын структуралык бөлүмү болуп эсептелүү менен муниципиалдык жеке менчикти башкаруу, колдонуу жана ээ болуу укуктарына ээ (турак-жай фонду, имараттар жана курулуштар, авто жолдору, тратуарлар, коомдук жайлар, шаардын ичиндеги көчөлөрдүн жарыгы, эс алуу бактар, бак-дарактар, скверлер, мүрзөлөр ж.б.у.с), ошондой эле шаардык мэриянын турак-жай саясатын ишке ашырат.
4.20 Муниципалдык менчик департаменти шаардык мэрия тарабынан түзүлгөн адистештирилген кызматы болуп эсептелет. Негизги функцияларына шаардык мэрия ага делегирленген муниципалдык мүлктүн менчик ээсинин функциясын аткаруу кирет, анын ичине турак-жай коммуналдык тейлөөнүн комплекстик иштери, шаардын ички жолдорун реконструкциялоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, түнкү жарык менен камсыздоо функциялары кирет.
4.21 Муниципалдык мүлктөргө байланышкан сатуу – сатып алуу келишимдерин түзүү жана башка келишимдерди ишке ашыруу шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин макулдуулугу менен жүргүзүлөт.
4.22 Муниципалдык менчик департаментинин функцияларына дал келген белгиленген мыйзамдарды жана нормативдик актыларды сактоосун камсыздоо.
4.23 Шаардын аймагындагы тарых жана маданият эстеликтерин кармоо жана күтүү.
4.24 Шаардын аймагындагы көчөлөрдө кышкысын көчөлөрдөгү карды тазалоо.
4.25 Сөөк коюу кызматын көрсөтүү (өлгөн селсаяктарды, туруктуу жашаган жери жок адамдарды, талап кылынбаган сөөктөрдү ташуу жана көмүү, турмуштук оор кырдаалда каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө акысыз кызмат көрсөтүү).
4.26 Майрамдык иш-чараларды, манилүү даталарды даярдоо, жасалгалоо, баннерлерлерди илүү, жайгаштыруу, сактоо ж.б.
4.27 Укук бузуулардын материалдарын мэриянын кызматкерлерине протоколдорду түзүү боюнча АКТ жана башка тиешелүү кагаздарын берүү;
4.28 Жергиликтүү маанидеги жана шаардык мэрияга жүктөлгөн башка кызматтарды уюштурат.
4.29 Муниципалдык менчик департаменти кызматтарды көрсөтүү үчүн субподрядчы катары юридикалык жана жеке жактарды кошумча тарта алат.
4
5
5.1. Муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгүнүн каржылоо булактары болуп жергиликтүү бюджет эсептелет, ошондой биргелешкен ишканалардын үлүшүнөн жана чарбалык эсептин жыйынтыгы, республикалык бюджеттен шаардын чарбалык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттар жана башка Мыйзам чегинде тыюу салынбаган булактар эсептелет.
5.2. Муниципалдык менчик департаментинин мүлкү анын структуралык курамдарындагы жана өздүк балансында турган мүлктөрдөн турат.
5.3. Муниципалдык менчик департаменти ага бекитилген мүлктү оперативдик башкаруу укугунун негизинде колдонот, бөлүштүрөт жана ээлик кылат.
5.4. Муниципалдык менчик департаменти өз алдынча чыгымдардын сметасынын чегинде өзүнүн ишин пландаштырат, ал шаардык бюджет тарабынан каржылоого жараша болот.
5.5. Муниципалдык менчик департаменти эсеп-кысап жана башка эсептерге ээ, ал шаардык бюджеттен муниципиалдык ишканаларды же турак-жай-коммуналдык мекемелеринин чарбасын тиешелүү чыгымдардын статьяларына ылайык каржылоону, турак-жай-коммуналдык чарба боюнча максатту программаларды жана башка бюджет тарабынан каралган чыгымдарды каржылоону көздөйт.
5.6. Муниципалдык менчик департаменти Мыйзам чегиндеги тартипте бухгалтердик жана статистикалык эсеп-кысапты жүргүзөт, мамлекеттик органдарга зарыл маалыматтарды берет жана анын тууралыгы тууралуу толук жоокерчиликти алат.
5
башкаруу жана түзүмү
6
7
6.1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдында түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
6.2. Муниципалдык менчик департаментинин директору мындан ары (Директор) ишкананын жетекчиси болуп саналат жана Таш-Көмүр шаарынын мэри тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотот.
6.3. Департаменттин кызматчыларын кызматка дайындоону жана бошотууну Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде каралган тартипте департменттин директору тарабынан жүргүзүлөт.
6.4. Директор департаменттин иш-аракети үчүн жоопкерчилик алат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Директор ишеним катсыз ишкананын атынан иш жүргүзөт, келишимдерди түзөт, аны мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда көрсөтөт;
б) Таш-Көмүр шаардык мэриясынын, шаардык депутаттар Кеңешинин буйруктарын жана токтомдорун аткаруу үчүн департаменттин компетенциясынын чектеринде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге жана башка уюмдарга аткарууга милдеттүү болгон башка буйруктарды, департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү түрдө департаменттин иш-аракетин жөнгө салуу маселелери боюнча бөлүштүрүү документтерди чыгарат;
в) Департаменттин директору департаменттин штаттык ырааттамасын, структурасын, жобосун иштеп чыгат жана шаардык кеңештин токтому менен бекиттирет.
г) Департаменттин директору департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин иштеп чыгат жана өзү бекитет.
д) Департаменттин жумушчуларын Кыргыз Республикасынын эмгек Мыйзамдарына ылайык келишимдин негизинде мөөнөттүү жана мөөнөтсүз ишке кабыл алат жана иштен бошотот.
е) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде каралган тартипте департаменттин кызматкерлерине жана жумушчуларына карата сыйлоо чараларын колдонот, ошондой эле тартиптик чараларын колдонот;
ё) Департаменттин кызматкерлерин жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо маселелерин өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечет;
ж) Департаменттин кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет;
з) Департаменттин бекитилген мүлктү жана каражаттарды Мыйзамдарга ылайык тескейт;
и) Банктарда счетторду ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансы документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
й) Соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана кайрадан ачылган кырдаалдар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот;
6.5. Департаменттин кызматчылары жана жумушчулары функционалдык милдеттеринде жана департаменттин директордун буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктун чектеринде иш жүргүзөт.
Муниципалдык менчик дептартаментинин директору төмөнкү ченемдик документтерди бекитет:
1) ММД ишинин ички регламенти жөнүндө жобо;
2) ММД коррупциянын алдын алуу жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жөнүндө жобо;
3) ММД менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишими;
4) ММД менен кызматкердин ортосунда акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим (жарандык келишим);
5) ММД кызматкерлеринин кызматтык милдеттери.
Муниципалдык менчик дептартаментинин түзүмү жана штаттык саны
ММД түзүмү жана штаттык саны күтүлүп жаткан иштин көлөмүнө, тейленүүчү аймактын деңгээлинде, жободо белгиленген иш багыттарына жана шаардык мэриясынын жана шаардык депутаттар Кеңешинин атынан коюлган милдеттерге жараша түзүлөт. Кызматкерлердин саны жумуштарды/кызматтарды өндүрүү үчүн убакыттын ченемдерине, жумуш убактысынын жалпы наркына, ишкананын материалдык-техникалык базасына, бюджетке жана ишкананын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон башка факторлорго да көз каранды.
ММД түзүмү жана штаттык саны жыл сайын ишкананын жетекчиси тарабынан шаардык мэрия менен бирдикте иштелип чыгат жана бекитилет. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен таризделет.
Муниципалдык менчик департаментин реорганизациялоо
(кайра түзүү), жоюу
7
8
1.1. Муниципалдык менчик департаментти кайра түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат. Муниципалдык менчик департаментти кайра түзүү шаардын мэринин чечими жана Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин токтому аркылуу кабыл алынат.
1.2. Кайра түзүүнүн жана жоюунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
· шаардык мэриясынын жана шаардык депутаттар Кеңешинин чечими;
департаменттин башкармалыгына өткөрүлүп берилген мүлккө чыгым келтирүү же жетишээрлик деңгээде колдонбогон фактылар;
· турак-жай-коммуналдык департаментинин карамагындагы
объектилердин менчиктик формаларынын өзгөрүшү;
1.3. Муниципалдык менчик департаменти жоюлган учурда, Таш–Көмүр шаардык мэриясы жоюу боюнча комиссиянын курамын түзөт. Комиссия Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 96-98 беренесине ылайык макулдашылган тартипте бекитилген мыйзам чегинде иш алып барат.
VII. Таш-Көмүр шаарынын аймактык башкармалыктары
Аймактык башкармалыктар аткаруу бийлигинин шаар тургундары менен иштөөсүнүн алгачкы звеносу болуп эсептелинет жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйрук жана тескемелеринин, Таш-Көмүр шаардык мэриянын, шаардык депутаттар Кеңешинин буйруктарынын жана токтомдорунун негизинде жүргүзөт. ушул Жобону жетекчиликке алуу менен функционалдык милдеттерин аткарат.
VIII. Таш-Көмүр шаарынын аймактык башкармалыктарынын
Жобосу
8.1. Таш-Көмүр шаарынын аймактык башкармалыктарынын Жобосу Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү маанидеги жана шаардык мэрияга жүктөлгөн башка кызматтарды уюштурат. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү маанидеги шаардын аймактарында жашаган тургундарынын суроо-талаптарын, социалдык маселеринде жана башка маселелеринде өз убагында чечүү үчүн түзүлгөн.
8.2. “Түндүк”, “Тынчтык”, “Мендигулов”, “Кызыл-Алма” аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери “Таш-Көмүр шаарынын Аймактык башкармалыктын кызматкерлери” болуп эсептелинет (мындан ары жооптуу кызматкерлер). Штаттык бирдиги Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин штаттык бирдигине эмгек акылары менен киргизилет.
8.3. Аймактык башкармалыктар Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйрук жана тескемелеринин, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын, шаардык депутаттар Кеңешинин буйруктарынын жана токтомдорунун негизинде жүргүзөт жана коюлган тапшырмаларды жетекчиликке алып, иш алып барышат.
8.4. Аймактык башкармалыктын кызматкерлери, башкармалыктын башчысы жана катчы кызмат ордунан турат.
8.5. Аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти аркылуу каржыланат.
8.6. Аймактык башкармалыктардын Жобосу жана зарыл болгон учурда алымча кошумча өзгөртүүлөрдү, толуктоорду киргизүү Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин токтому аркылуу бекитилет.
8.7. Аймактык башкармалыктын иш кагаздардын көзөмөлү жана аларга тиешелүү шарт түзүп берүү (канцеляриялык товарлар ж.б.) Муниципалдык менчик департаментинин тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин жумуш мөөнөтү КРнын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт.
8.9. Аймактык башкармалыктын аткаруучулук тартибин жана аткарган жумуштарын шаардык мэрия тарабынан көзөмөлдөнөт.
8.10. Аймактык башкармалыктардын негизги функциялары:
а) Шаардын мэринин, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, КРнын Жогорку Кеңешинин жана шаардын депутаттарынын эл менен жолугушуусун, түзүлгөн графикке ылайык аймактын тургундарын уюштурат жана жолгушууну протоколдоштурат;
б) Эл менен жолугушууда пайда болгон суроо-талаптар, арыздар боюнча мэрия тарабынан түзүлгөн иш-чаранын тийиштүү пункттарын өз компетенциясына ылайык аткарат;
в) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардын тургундарынын кызыкчылыгы боюнча кабыл алган буйруктарын, токтомдорун өз компетенциясына ылайык аткарууга алат;
г) Өзү иш жүргүзгөн аймактагы тургундардын, анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, эмгек жана согуш ардагерлери боюнча кабардар болуп, ал үй-бүлөнүн суроо талаптары боюнча шаардык мэриянын компетенциясына ылайык билдирүү жасайт, жардам берүүнү уюштурат жана шаардык социалдык жактан өнүгүү башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш алып барат;
д) Жарандардын кайрылууларын, арыздарын өз убагында шаардык мэрияга жана тийиштүү мекемелерге жеткирет, анын аткарылуусу боюнча шаардын мэрине билдирүү жасайт;
е) Тиешелүү аймактын калкынын ичүүчү таза суу менен камсыз болуусуна,
канализация тутумунун ишине, ички жана шаардын борбордук жолдорун сактоого, ремонт иштери талап кылынуучу жайларды, негизсиз жолдорду бузууга жол берген жеке жарандарды же мекеме-ишканаларга жол бербөө, алдын алууну, көрүстөндөрдүн иштешин, тийиштүү (зарыл болгон) шарттарына, муниципалдык жер аянттарын көркөндүрүү жана жашылдандырууну, парктардын, спорттук аянчалардын, курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешине, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүсүн, жер пайдалануу эрежелерин жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сакталуусуна, көрнөк– жарнактарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштырылуусуна, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү менен бирге аймактын тургундарынын жана жаш өспүрүмдөрүнүн коомдук жайларда жүрүм-турумдарына, элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн аймактын тургундарына шарт түзүү менен бирге уюштуруу иштерине көзөмөл жүргүзөт, зарыл болгон учурда шаардык мэрияга, шаардын укук коргоо органдарына билдирүү берет.
- балдар жана жаштар менен иштөө үчүн иш-чараларды түзөт жана анын жүзөгө ашыруусун уюштурат.
- аймактарда дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча иш-чараларды мэрдин макулдугу менен өткөрөт.
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепттердин жоюуу боюнча шаардык мэрияга жана КРнын ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнө билдирүүлөрдү жасайт жана көмөктөшөт.
- Аймактын тургундарынын турак жайларды камсыздандырууну жана санарип аймакка киргизүү боюнча толук иш жүргүзөт;
- Аймактагы тургундарды жана үй-бүлөлөрдү паспортторундагы катталуусуна ылайык, тургундардын мал-жандыктарын жыл сайын жүргүзүлүүчү мал санактын жыйынтыгы менен чарба китепчесине киргизет жана чыгарат;
- Аймактагы кожолуктарды, тургундардын үй-бүлөлүк тизимин (кириш, чыгыш) ар дайыма тактоо менен Таш-Көмүр шаардык 04-08 аймактар аралык бөлүмү менен тыгыз иш алып барат.
- Чарба китепчесине ылайык тургундардын үй-бүлөсү, катталуусу, мал чарбачылыгы жөнүндө Мыйзамдарга ылайык келген тактамаларды берет;
- аймактагы турак-жай комплекстерине ылайык көчө, кварталдык комитеттерди коомдук башталышта түзөт жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшөт;
- Өздөрү иш жүргүзүп жаткан аймактын калкын таза суу, жылуулук, электроэнергия менен камсыз болушун көзөмөлдөйт жана тийиштүү мекеме-ишканалар менен тыгыз байланышта иш алып барат;
- Жыл сайын 3 айлыктын жүрүшүндө аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин жумушчу-кызматкерлерин, дүкөн-ашканалардын ээлерин, аймагындагы жашоочуларды ишембиликке уюштуруу, айлана-чөйрөсүн тазалоо, көрктөндүрүү-жашылдандыруу боюнча иш жүргүзөт;
- Шаардын мэринин талаптарына ылайык башка милдеттерди жана тапшырмаларды аткарат;
9.12 Аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин укуктары:
а) Аймактык башкармалыктар түзүлгөн Жобонун негизинде иш алып барат;
б) Аймактык башкармалыктар:
- аймактагы тургундардын социалдык маселелери боюнча кабардар болуп, зарыл болгон учурда тийиштүү мекемелердинн жетекчилерине оозеки кайрылуу менен жергиликтүү тургундардын маселелерин чечүүгө укуктуу;
-калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнун программаларынын иштелип чыгышына каташат;
- мэрия тарабынан бирилген тапшырмалар жана аткарылган жумуштар боюнча убагында мониторинг жүргүзүп, отчет даярдайт;
-архитектура башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштеринин туура жүргүзүлүүсүнө жана калк жашаган жайларды туура пайдалануусуна көзөмөл жүргүзөт;
-шаардын айлана чөйрөнү коргоо боюнча инспектору менен бирге аймактагы мал-жандыктардын жол жээгиндеги дарактарды, жаңы отургузулгөн көчөттөргө зыян келтирүүсүнүн алдын алат, элдин мал-жандыктарын өзубагында жайлоого чыгуусуна көзөмөл жүргүзөт жана КРнын Мыйзамдарына ылайык чара көрөт;
-аймакта коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу максатында шаардык ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлору менен бирге коомдук тпртипти сактоо боюнча ыктыярдуу коомдук түзүлүштөрдү түзүүнү уюштурат;
-аймактык башкармалыктын кызматкерлери шаардын аймагындагы элге кызмат көрсөткөн ишкана-мекемелердин жетекчилери менен келишим түзүүгө укуктуу;
9.13. Аймактык башкармалыктын башчысы:
- Аймактык башкармалыктын башчысы Таш-Көмүр шаарынын мэринин макулдугу менен Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин директорунун буйругу менен кызмат ордуна дайындалат жана КРнын Эмгек кодексине жана Мыйзамдарда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларга ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулат;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде каралган тартипте аймактык башкармалыктын башчысына карата сыйлоо чараларын колдонот, ошондой эле тартиптик чараларын колдонот;
- Аймактык башкармалыктын башчысы шаардык мэриянын жана Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин түздөн-түз көзөмөлүндө иш жүргүзөт;
- Аймактык башкармалыктын башчысы мэрдин орун басары, аппарат жетекчиси жана мэриянын жооптуу кызматкерлеринин милдеттерине жана компетенцияларына ылайык келген маселелер тууралуу сунуштар жана билдирүүлөрдү даярдайт.
- Аймактык башкармалыктын башчысынын милдеттери:
- аймактын тургундарынын кызыкчылыктары, социалдык турмуш-тиричилик, коомуналдык маселелер боюнча жылдык иш-план, иш-чара түзүп, шаардын мэри аркылуу бекитет жана аткарууга алат;
- бир жылда эки жолу (жарым жылдыкта жана жылдын аягында), мэриянын коллегиясынын отурумунда отчет берет жана шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларында отчет берет;
- аймактык масштабдагы суроолорду чечүүнү уюштурат жана өз компетенциясына кирген тиешелүү сунуштарды, арыз-даттанууларды чечет;
- аймактык башкармалыкка тийиштүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө толук катышат;
- күн сайын жарандарды кабыл алууну уюштурат;
- Аймактын тургундарынын турак жайларды камсыздандырууну жана санарип аймакка киргизүү боюнча толук иш жүргүзөт;
- иш кагаздардын жүргүзүүнү көзөмөлдөйт;
- аймактык башкармалыктар боюнча ушул Жободо белгиленген функциялардын ар бир пункту функционалдык милдеттери болуп эсептелинет.
- Күн сайын элди кабыл алууда пайда болгон суроо-талаптарды катоого алат.
- Аймактын тургундарынын паспортторуна жана катталуусуна, тургундардын мал-жандыктары боюнча чарба китепчесине ылайык тактамаларды берет.
- Аймактын тургундарынын тизмесин тактайт, шайлоо өнөктөрүнө көмөк көрсөтөт.
- Аймактык башкармалыктын башчыларынын жоопкерчилиги.
9.14 Аймактык башкармалыктын катчысы;
- Аймактык башкармалыктын катчысы Таш-Көмүр шаарынын мэринин макулдугу менен Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин директорунун буйругу менен кызмат ордуна дайындалат жана КРнын Эмгек кодексине жана Мыйзамдарда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларга ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулат;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде каралган тартипте аймактык башкармалыктын катчысына карата сыйлоо чараларын колдонот, ошондой эле тартиптик чараларын колдонот;
- Шаардын мэринин, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, КРнын Жогорку Кеңешинин жана шаардын депутаттарынын эл менен жолугушуусун протоколдоштурат жана тийиштүү иш-чараларды түзөт.
- Күн сайын элди кабыл алууда пайда болгон суроо-талаптарды катоого алат.
- Аймактын тургундарынын паспортторуна жана катталуусуна, тургундардын мал-жандыктары боюнча чарба китепчесине ылайык тактамаларды берет.
- Аймактын тургундарынын тизмесин тактайт, шайлоо өнөктөрүнө көмөк көрсөтөт.
- Аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин жоопкерчилиги.
- Аймактык башкармалыктын кызматкерлерине жүктөлгөн кызматтык функциялары КРнын нормативдик актыларынын негизинде түзүлөт.
- Аймактык башкармалыктын кызматкерлери ушул Жообого ылайык иш жүргүзүшүп, КРнын мыйзамдарынын, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жооптуу.
- Аймактык башкармалыктын жооптуу кызматкерлери өз убагында өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, эмгек жана аткаруучулук тартипти, кызматтык жашыруун сырды сактоого милдеттүү.
- Аймакта жайгашкан ишкана-мекемелердин жетекчилери, ишкерлер жана башка демөөрчүлөр тарабынан КРнын Мыйзамдарына ылайык социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчулүгү чектелген же башка муктаждыктарды каржылоо же көмөк көрсөтүү боюнча топтолгон акча каражатын өз убагында тийиштүү жарандарга жеткирүүгө жооптуу.
9.15. Аймактык башкармалыктын кызматкерлерине жүктөлгөн кызматтык функциялары КРнын ченемдик актыларынын негизинде түзүлөт.
9.16. Аймактык башкармалыктын кызматкерлери ушул Жообого ылайык иш жүргүзүшүп, КРнын Мыйзамдарынын, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жооптуу.
9.17. Аймактык башкармалыктын жооптуу кызматкерлери өз убагында өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, эмгек жана аткаруучулук тартипти, кызматтык жашыруун сырды сактоого милдеттүү.
9.18. Аймакта жайгашкан ишкана-мекемелердин жетекчилери, ишкерлер жана башка демөөрчүлөр тарабынан КРнын Мыйзамдарына ылайык социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчулүгү чектелген же башка муктаждыктарды каржылоо же көмөк көрсөтүү боюнча топтолгон акча каражатын өз убагында тийиштүү жарандарга жеткирүүгө жооптуу.