Редакцияот 17.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз XXVII сессиясы

2023-жылдын 17-ноябры №180

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Мырза-аке айылдык кеңешинин (VIIчакырлышынын) депутаттарынын кезексиз XXVII сессиясыныны отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюжеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Айыл өкмөттүн “Ханбаян-Нур” бала бакчасына 2 жаңы тайпа түзүлгөндүгүнө байланыштуу ата энелер төлөмүнүн эсебинен 131,2 миң сом кошомча план алынсын жана кошумча алынган каражаттын эсебинен бала бакчадагы тарбиялануучулар үчүн тамак аш азык түлүктөрдү сатып алууга жумшалсын.

2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым:

Г. Жороева