Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 37
Миң-Булак айыл аймагында чөп, катуу отун сатууга ылайыктуу жер аныктоо жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Миң-Булак айыл аймагында чөп, катуу отун сатууга ылайыктуу жер аныктоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин:
– Садовое айылынын №717 контурундагы 0,12 га жер участогунда чөп, катуу отун сатуу үчүн уюштурууга.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уушул жер участогуна керектүү иш кагаздарын даярдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |