ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
2023-жылдын 19-июнундагы № 408
“Кыргызстан бермети” Эл аралык фестивалына катышуучуларга керектүү акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын тургуну Жаркулов Чолпонбайдын 2023-жылдын 23-25-июндарда өтүүчү “Кыргызстан бермети” Эл аралык фестивалына катышып келүүгө 4 спортчуга керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2023-жылы 23-25-июндарда болуучу “Кыргызстан бермети” Эл аралык фестивалына катышып келүүгө 4 спортчуга 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |