ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
2023-жылдын 19-июнундагы № 406
Терек-Сай айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14511400 2% инфра түзүмдү өнүктүрүү беренесине 3000,0 миң сом акча каражатына кошумча план суралсын.
2. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү кошумча планга ылайык жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |