Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/1
Ормон-Хан айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6-августундагы №225 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган Ормон-Хан айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгы туралуу “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалынын өкүлү А.Баяновдун жана айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кочкор, Кара-Күнгөй, Кара-Саз, Кара-Суу, Жаны-Жол, Семиз-Бел, Большевик, Тендик, Көк-Жар участкаларынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздары жана актысы бекитилсин.
2. Ормон-Хан айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүүгө киргизүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 31-июлундагы №292-буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш жана транспорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |