Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-июнундагы № 405

 

2022-2023-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучуларды сыйлоо жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин 2022-2023-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөгү балл алган окуучуларды сыйлоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жогорку көрсөткүчтөгү баллдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкүдөй акча каражаттары бөлүнүп берилсин.

Негизги тесттен алган баллдары үчүн:

-Максималдуу 240 баллга    -100 000 сом;

-200 баллдан жогору             -50 000 сом;

-180 -200 баллга чейин         -20 000 сом;

-150 -180 баллга чейин         -10 000 сом;

-130 -150 баллга чейин         -5000 сом;

-110 -130 баллга чейин         -2000 сом;

Ар бир кошумча тесттерден алган баллдары үчүн;

-150 баллдан жогору             -10 000 сом;

-100 баллдан ашкандар        -5000 сом;

-80-100 баллга чейинкилер -3000 сом;

-70-80 баллга чейинкилер   -2000 сом;

-60-80 баллга чейинкилер    -1000 сом;

2. 2022-2023-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөгү балл алган окуучуларды сыйлоо жана билим берүү мекемесине ыраазычылык билдирүү максатында 174 000 сом (бир жүз жетимиш төрт мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

5. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек–Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.