Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-июнундагы № 402
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 (Жаңы конуш) көчөсүнүн суу жээктерин бекемдөө үчүн кошумча каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-2 (Жаңы конуш) көчөсүнүн суу жээктерин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүп жаткан мезгилинде акча каражаты жетишпей калгандыктан, кошумча акча каражатын карап берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-2 (Жаңы конуш) көчөсүнүн суу жээктерин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүп жаткан мезгилинде акча каражаты жетишпей калгандыктан, кошумча 2800,0 миң (эки миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |