Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-августу № 32
Пенсионерлердин үйлөрүнө суу түтүктөрүн тартууга көмөк көрсөтүү жөнүндө.
Шаардын суу түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун ишке ашырууда пенсионерлердин үйлөрүнө суу түтүктөрүн тартууга көмөк көрсөтүү максатында жана мэрдин Кара-Балта шаар тургундары менен жолугушууларында пенсионерлердин көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан пенсионерлердин үйлөрүнө суу түтүктөрүн тартууга көмөк көрсөтүү үчүн Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу МС жана ММ башкармалыгынын сметанын 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 300,0 миң сом кошумча каражат изделсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы УКС жана МС тарабынан бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри - М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынынмэриясына, КР ЧБЮБ.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |