Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/3
Кой-Таш участкасындагы жеке турак жайларды куруу үчүн
жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын “Кой-Таш” участкасындагы жер аянтына турак жай куруу үчүн жер аянттарынын өлчөмүн бекитүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кой-Таш” участкасына турак жай куруу үчүн бөлүнүүчү жер аянттарынын өлчөмү 0,08 (сегиз сотых) га болуп бекитилсин.
2. “Кой-Таш” участкасындагы турак жай куруу үчүн жер аянттарынын жарандарга берүү Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-майындагы «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» N 177 токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишого тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш жана транспорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |