Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/4
Тендик айылындагы кампаны баланска алуу жөнүндө
Тендик айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган дан эгиндерин сактоочу кампаны Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн балансына алуу жана «Тендик Элдик» үрөөн чарба кооперативине чарба жүргүзүү укугу менен башкарууга өткөрүп берүү туралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Тендик айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган дан эгиндерин сактоочу кампаны Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Тендик айылында жайгашкан дан эгиндерин сактоочу кампаны Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн балансына алуу иштери бүткөндөн кийин, «Тендик Элдик» үрөөн чарба кооперативине чарба жүргүзүү укугу менен мыйзамдардын талаптарына ылайык өткөрұп берүүгө макулдук берилсин.
3. Тендик айылындагы кампаны «Тендик Элдик» үрөөн чарба кооперативине чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүүдө мыйзамдырдын талаптарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |