Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №13
«Таш-Көмүр шаарынын аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө».
Таш-Көмүр шаарынын аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Ке=ешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 29 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча:
3. №1,2,3,4,5,6,7 тиркемеде бекитилген участкалык шайлоо комиссияларынын резерви Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине кирген талапкерлер жөнүндө бардык маалыматтар Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |