Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №2
«Шаардык мэриянын 04.09.2024-жылдагы “Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алуу тууралуу” №01-21/2645 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 04.09.2024-жылдагы “Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алуу тууралуу” №01-21/2645 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 04.09.2024-жылдагы “Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алуу тууралуу” №01-21/2645 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардын аймагында коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында, Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алууга макулдук берилсин.
3. Аталган техникаларды жылдык 4% менен 60 айга бөлүп төлөө жолу аркылуу сатып алуусун жана жалпы сумманын 30% республикалык бюджеттен, 70% жергиликтүү бюджеттен каржылануусу шарт экендиги белгиленсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |