Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 38
Александровка, Садовое айылдарында эс алуучу жай (парк) жана Заря айылында сквер уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Александровка, Садовое айылдарында эс алуучу жай (парк) жана Заря айылында сквер уюштурууга макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө:
– Александровка айылынын №586 контурундагы жалпы аянты 5,78 га жер участкасына эс алуучу жай уюштурууга.
– Садовое айылынын №500-501 контурларындагы жалпы аянты 2,3 га жер участкасына эс алуучу жай уюштурууга.
– Заря айылынын маданият үйүнүн түштүк жагындагы жалпы аянты 0,50 га жер участкасына сквер уюштурууга макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул жер тилкелерине керектүү иш кагаздарын дайындасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |