Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/5
Большевик айылындагы эски контордун
алдындагы жер аянтына оюн аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Большевик айылынын эски конторунун алдындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтынын 6 сотый жер аянтына балдар аянтчасын курууга макулдук берүү туралуу депутатардын сунушун жана айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Большевик айылынын эски конторунун алдындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтынын 6 (алты) сотый жер аянтына балдар аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтына жана курулуш иштерине тиешелүү уруксаат документтерди даярдоодо тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |