Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/6
Большевик айылына балдар аянтча
куруу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Большевик айылынын эски конторунун алдындагы муниципалдык жер аянтына балдар аянтчасын куруу үчүн 200 000 сом бөлүү туралуу депутатардын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Большевик айылынын эски конторунун алдындагы муниципалдык жер аянтына балдар аянтчасын куруу үчүн 200 000 (эки жүз мин) сом Ормон-Хан айыл аймагынын бюджетинен бөлүнсүн.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |