Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/7
Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор, Большевик жана Жаны-Жол айылдарынын башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долборлоо институту тарабынан түзүлгөн Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор, Большевик жана Жаны-Жол айылдарынын башкы планы туралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп жана тулкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долборлоо институту тарабынан түзүлгөн Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор, Большевик, Жаны-Жол айылдарынын башкы планы бекитилсин.
2. Кочкор, Большевик, Жаны-Жол айылдарынын башкы планынын негизинде шаар куруу эрежелерин сактоо жагы Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана мамлекеттик реестрге каттоо иштерин алып баруу жагы Кенештин жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш жана транспорт иштери боюнча туруктуу комиссиясынын комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |